Жаңылыктар

31.03.2022

Эксперттер ЕАЭБде жана дүйнөдө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө билдиришти

Дүйнөдөгү учурдагы жагдай, Россия жана Беларуска карата санкциялар Евразия экономикалык бирлигинде гана эмес, жалпы эле дүйнөдө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү татаалдантууда. Жаңы тобокелдиктер глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, эл аралык логистикалык жана өндүрүштүк чынжырлардын үзүлүшүнө жана эл аралык укуктун бузулушуна байланыштуу болууда. Евразия экономикалык комиссиясынын БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү маселелери боюнча тегерек столунун катышуучулары ушундай тыянактарга келишти.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев баса белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ пандемиядан кийин жаңы кыйынчылыктарга туш келди. Санкциялардан улам Россиянын жана Беларустун ЕАЭБдин экспортунун жарымы жана импортунун дээрлик жарымы туура келген Европа бирлиги менен мамилелери дээрлик токтоп калды.

"Товар өткөрүүчү чынжырлар бузулууда, чийки зат жана биржа товарларына, анын ичинде азык-түлүккө баалар өсүүдө. Мындай шарттарда айрыкча ачкачылыкты жоюуга (ТӨМ 2) жана саламаттыкты жана жыргалчылыкты камсыз кылууга (ТӨМ 3) тиешелүү ТӨМдөрдүн аткарылышына жетишүү кыйынга турат. Көпчүлүк өлкөлөрдө азык-түлүк рынокторунун хаостошуусуна карай тенденцияны байкоодобуз. Аларды кантип стабилдештирүү керектиги жөнүндө ойлонуу зарыл, – деди Сергей Глазьев. – Дүйнөдөгү ресурстар жана технологиялар 20 млрд адам үчүн азык-түлүк өндүрүүгө мүмкүндүк берет, ал эми бул планетанын калкынан эки эсе көп. Көйгөй алардын адилеттүү бөлүштүрүлүшүндө, тең укуктуу эл аралык экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө жана резервдик валюталардын эмитент-өлкөлөрүнүн сандык жумшартуу саясатынын эсебинен баалардын өсүшүндө болууда".
Сергей Глазьевдин пикири боюнча, эл аралык соода-экономикалык мамилелерди олуттуу түрдө реформалоо талап кылынат: "Биз алдыга Евразия биржа мейкиндигин өнүктүрүү милдетин коюудабыз, кантип санкцияларга туруктуу жаңы эл аралык валюта-каржы тутумун түзүү керектиги жөнүндө ойлонуудабыз".

Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары Муратбек Азымбакиев ШКУ үчүн приоритеттүү болуп саналган Туруктуу өнүгүү максаттарына, анын ичинде жакырчылыкты жоюуга, кедейчиликти азайтууга, билим берүү сапатын жогорулатууга жана жашыл күн тартибине токтолуп өттү.

"Бүгүнкү күндө ШКУ ачык жана өз ара пайдалуу кызматташтык мейкиндигин түзүүдөгү негизги звеного айланууда. ШКУ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн катышуусу менен Евразия региону тынчтык жана жыргалчылык мейкиндигине айланат", – деди Муратбек Азымбакиев.
Тегерек столдун катышуучулары пандемия жана учурдагы каатчылык Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү прогрессин токтотту деп констатациялашты. Алсак, АСЕАН Катчылыгынын АСЕАНдын интеграциясын мониторингдөө департаментинин директору https://eec.eaeunion.org/upload/medialibrary/4a7/ASEAN_Dr.-Ahmad-Zafarullah-Abdul-Jalil.pdfАхмад Зафарулла 2020-жылдан бери 10 миллиондон ашуун адам өтө жакырчылык деңгээлине кайтышты деп баса белгиледи. Ошону менен бирге АСЕАНда пандемиядан кийинки калыбына келүү улантылууда. Буга соодада суроо-талаптын өсүшү жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө, өндүрүшкө жана технология тармактарына активдүү инвестициялар өбөлгө болду. Бирок Украинадагы жагдай айрыкча азык-түлүктү, отунду жана жер семирткичтерди жеткирүүлөрдүн глобалдык чынжырларын бузушу мүмкүн.

СКОЛКОВО Башкаруу мектебинин Энергетика борборунун директору Ирина Гайда бүткүл дүйнөдө экономисттер Россиянын дандардын жана углеводороддордун дүйнөлүк экспортундагы олуттуу үлүшүн эске алуу менен, ага карата санкциялардын дүйнөлүк экономикага таасири жөнүндө тынчсызданышууда деп белгиледи. Ошондой эле, ал жашыл күн тартиби жагындагы талкуунун өзгөрүшүнө көңүл бурду. 

"Европа бирлиги жеткирүүлөрдүн башка булактарына которулуунун жана жашыл күн тартибин тездетүүнүн эсебинен россиялык газдан көз карандылыктан арылуу жөнүндө жарыялоодо. Бирок иш жүзүндө биз жашыл күн тартибинен баш тартууну жана көмүр кубаттуулуктарынын пайдаланылышын байкоодобуз. Ошондой эле, атом энергетикасын пайдалануу жөнүндө сөздөр жаңыланууда.
Сергей Глазьев санкциялар "жашыл күн тартибине крест койду" бел билдирди. 

"Европа бирлиги россиялык энергоресурстардан баш тартуу менен отундун экологиялык эмес түрлөрүн (мисалы, көмүрдү) пайдаланууну кеңейтүүдө. Бул таза энергияны пайдаланууга (ТӨМ 7) жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө (ТӨМ 13) тиешелүү ТӨМдөрдү аткаруудан олуттуу түрдө артта калууга алып келмекчи. Биз бүгүнкү күндө ЕАЭБде парник газдарынын гана эмес, калктын саламаттыгына терс таасир тийгизген башка зыяндуу газдардын чыгындыларын жөнгө салуучу тутумдук экологиялык күн тартибин түзүүнү талкуулоодобуз. Биз экологиялык күн тартибин кеңейтүү зарыл деп эсептейбиз", – деди ЕЭК министри.
Сбербанктын ESG боюнча ага вице-президенти Татьяна Завьялова ЕАЭБде Россиянын, Казакстандын жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүнүн иштелмелеринин негизинде жашыл каржылардын бирдиктүү таксономиясын түзүүнү сунуш кылды. Анын айтуусу боюнча, бул ЕАЭБдин аймагында жашыл долбоор түшүнүгүн бекитүүгө жана анын кайсы болбосунан чекитинен бул чөйрөгө инвестицияларды жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

Атап айтканда, Татьяна Завьялова өздүк ESG-инфраструктураны түзүүнү сунуш кылды. Ал жашыл долбоорлорду жана демилгелерди сертификаттоо тутумун, ESG-отчёттуулук стандартын, баалоо жана верификациялоо методологиясын мисал катары келтирди.

Өз кезегинде, ЕАӨБдүн Жашыл жана социалдык демилгелер боюнча дирекциясынын башкаруучу директору Асем Кернебаева банк учурда каржылап жаткан жашыл долбоорлор жөнүндө айтып берди. 

"Биз жашыл долбоорлордун Банктын портфелиндеги үлүшүн учурдагы 15%дан 2026-жылда 25%га чейин көбөйтүүнү пландаштыруудабыз", – деп баса белгиледи ал.

Мальдив Республикасынын улуттук пландоо, турак-жай курулушу жана инфраструктура министринин орун басары Фатимат Ниума өзүнүн өлкөсүндөгү жашыл долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүштү, ал эми ЮНИДОнун Россия Федерациясындагы Эл аралык өнөр жай кызматташтыгы борборунун директору Сергей Коротков баарын камтыган жана туруктуу индустриалдаштырууну (ТӨМ 9) камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө жана өнөр жайда жашыл суутектин колдонулушун демилгелөө боюнча программанын башталышына кеңири токтолуп өттү.

Аягында БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын макроэкономика жана өнүгүү саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Анастасия Несветайлова 2022-жылга карата болжолдоолордун өзгөрүшүнө көңүл бурду

"Жалпысынан дүйнөдө өсүш болот, бирок ал фрагменттүү мүнөздө болуп, конфликтке катышкан өлкөлөргө тиешелүү эмес болот. Биздин эсептөөлөр боюнча, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тышкы мамлекеттик карызды төлөө үчүн 310 млрд АКШ доллары талап кылынат", – деп белгиледи Анастасия Несветайлова.
ЕЭКтин макроэкономикалык саясат департаментинин директору, модератор Аскар Джаппаркулов тегерек столдун жыйынтыктарын чыгарып жатып, талкуунун өз убагында өткөрүлгөндүгүн жана планетанын жана коомдун туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн эл аралык диалогдун зарылчылыгын белгиледи.

Маалымат

Туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү максаттар (ТӨМ) – 2015-жылы БУУнун Башкы ассемблеясы тарабынан "баары үчүн мыкты жана бир кыйла туруктуу келечекке жетүү планы" катары иштелип чыккан, бири-бири менен өз ара байланышкан 17 максат.

ЕЭКтин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү маселелери боюнча тегерек столу БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын Туруктуу өнүгүү боюнча форумунун алкагында өткөрүлдү. Талкууга ШКУнун, АСЕАН Катчылыгынын, ЮНИДОнун, ЮНКТАДдын, ЕАӨБдүн, Сбербанктын, Сколковонун жана башка уюмдардын жетекчилери жана кызмат адамдары катышышты.

Тегерек столдун материалдары: Ирина Гайданын презентациясы, Ахмад Зафарулланын презентациясы, Сергей Коротковдун презентациясы, Анастасия Несветайлованын презентациясы.