ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү.
Кыргызстандын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер: ченемдик база жана ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуунун практикалык аспектилери талкууланды.
Иш-чаранын алкагында Эльдар Алишеров тышкы электрондук сооданын алкагында ЕАЭБ Бажы кодексине киргизилген негизги жаңылыктарды айтып өттү, сатып алуучу менен бажынын ортосундагы байланыштыруучу чынжыр болуп саналган жана электрондук соода аянтчаларында сатып алынган товарлар менен бажы операцияларын жүргүзүүнү камсыз кылган электрондук соода операторунун жаңы институтун киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
ЕЭК министри биргелешкен иштин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Комиссиянын бажы блогунун аянтчасында конструктивдүү диалогду улантууга даярдыгын ырастады.