Жаңылыктар

10.11.2016

“2016-жылы ЕАЭБ шарттарында бизнес субъекттеринин ишинин артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү” эл аралык конференциясы

Page Content10-ноябрда Гродно шаарында (Беларусь) Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Нурлан Алдабергеновдун жетекчилиги алдында “2016-жылы ЕАЭБ шарттарында бизнес субъекттеринин ишинин артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү” эл аралык конференциясы болуп өтөт. Конференциянын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн трансчек аралык рынокторунда экономиканын ар кандай тармактарында атаандаштыктын жана товарлардын эркин жүрүүсүнүн бирдей шарттарын камсыздоо жана өз ара соодада тоскоолдуктарды алып салуу маселелерин кароо пландаштырылат. Иш чаранын катышуучулары трансчек аралык товардык рыноктордо  (эл аралык темир жол ташуулары, электроэнергия, эл аралык байланыш кызматтары (роуминг), тамак-аш өнүмдөрү, мунай өнүмдөрү, фосфат чийки заттары, жүк ташуучу автомобилдер жана кам тетиктер) атаандаштыктын абалын, нысапсыз атаандаштыкка тыюу салуулардын сакталышына, үстөмдүк кылуучу абалды кыянаттык менен пайдаланууга талдоо жүргүзүшөт.  Параллелдүү импорт, монополияга каршы мыйзамдарды, мамлекеттик сатып алууларды айкалыштыруу жана жакшыртуу маселелери талкууланмакчы. Конференциянын алкагында ошондой эле автомобилдерди жана аларга кам тетиктерди сатуу жана тейлөө рынокторунда, фармацевтикалык рынокто Ак ниет соода тажрыйбаларынын кодексин, Соода тармактарынын жана жеткирүүчүлөрдүн өз ара иштешүүсүнүн ак ниет тажрыйбасынын кодексин иштеп чыгуу жана жайылтуу жана башка маселелер боюнча маалымат сунушталат. Конференцияга катышууга ЕАЭБ, КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын жана монополияга каршы ведомстволорунун жетекчилери, парламент депутаттары, Евразия экономикалык биримдигинин соттору, дипломатикалык миссияларынын, илимий чөйрөлөрүнүн, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү чакырылган. Конференция өткөрүлүүчү жер: Беларусь, Гродно ш., Ожешко көч., 3-үй, Гродненский отурумдар залы ​