Жаңылыктар

21.06.2022

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Комиссиянын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө 2021-жыл үчүн ар жылдык отчётун жактырды

21-ию нда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тескемеси менен Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө 2021-жыл үчүн ар жылдык отчёту жактырылды.
Документ иликтөөлөр, "жумшак жөнгө салуу" механизмин колдонуу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Комиссиянын монополияга каршы блогунун жакынкы перспективага пландарын камтыйт.
"Санариптик рыноктордун өнүгүшү жана алардагы атаандаштыктын күчөшү менен аны баалоо өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү маселелер пайда болууда. Өткөн жылда биз санариптик рыноктордогу атаандаштыктын абалын баалоого жана мындай рынокторду чек ара аралык рыноктор катары аныктоо тартибине карата мамилелерди иштеп чыгуу үчүн пайдубалды түздүк десек болот. Биз санариптик рыноктордун өнүмдүк жана географиялык чек араларын, рынок көлөмдөрүн жана чарба жүргүзүүчү субъектилердин үлүштөрүн эсептөө үчүн колдонулган көрсөткүчтөдү аныктоо боюнча практикалык мамилелерди чагылдырган серепти даярдадык. Бизнес-коомдоштук менен өз ара аракеттенүү форматын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат", – деп ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев түшүндүрмө берди.

Отчётко ылайык, өткөн жылда ЕЭК чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын эрежелерин бузуулар жөнүндө 27 арызды карап чыккан. 12 иликтөө жүргүзүлүп, атаандаштыктын эрежелерин бузуулар жөнүндө 10 иш каралган.
"Жумшак жөнгө салуу" механизминин алкагында Комиссия чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосундагы талаш-тартыштарды баштапкы баскычта, иликтөөлөрдү жүргүзүүсүз жана жазапулдарды салуусуз жөнгө салууга багытталган 12 сунуштун долбоорлору боюнча иш жүргүздү. Отчёттун өзүнчө бөлүмүндө атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ЕАЭБ укугун өркүндөтүү боюнча 2021-жылда жүргүзүлгөн иш жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, отчётко товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча ишмердиктин натыйжалары, атаандаштык саясатынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар, атап айтканда, атаандаштыкты адвокаттоо жана эл аралык кызматташтык жөнүндө маалымат киргизилген.

Эске сала кетсек, 2021-жылда Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) Евразия экономикалык бирлигинде атаандаштык жаатындагы укуктук жөнгө салууга жана саясатка эксперттик сереп жүргүзгөн. Бул ЭКӨУ Комиссиянын ишмердигине сереп жүргүзгөн алгачкы тажрыйба болду. Сереп ЕАЭБдин атаандаштык жаатындагы укугуна, процессуалдык актыларга, ЕАЭБдеги атаандаштык саясатына жана укук колдонууга талдоону, учурда иштеп жаткан атаандаштыкты жөнгө салуу институттарынын натыйжалуулугуна, эл аралык кызматташтыкка жана атаандаштыкты адвокаттоого талдоону камтыйт.