Евразия экономикалык комиссиясы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 27-майдагы отурумунда мамлекет башчыларына Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө баяндама жасады.
2021-жылдын жыйынтыктары боюнча Стратегия-2025ти ишке ашыруу темптери пландалган темптерге шайкеш келет. 2021-жылга баары болуп 84 иш-чара пландаштырылган. Мындан сырткары, 100дөн ашык иш-чара туруктуу негизде ишке ашырылып келет.
Мамлекет башчылары Комиссияга бул ишти улантууну тапшырышты.
Стратегия-2025 интеграцияны андан ары өнүктүрүүнүн 11 багытын жана аларды ишке ашыруу боюнча 332 чарааларды жана механизмдерди камтыйт. Стратегия-2025ти ишке ашыруу планы аталган чараларды жана механизмдерди 523 иш-чаранын жардамында ачып көрсөтөт жана конкреттештирет.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү