Жаңылыктар

25.12.2023

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары "Евразия экономикалык жолу" экономикалык процесстерин андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияга кол коюшту

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясына кол коюшту.

Буга чейин 2023-жылы Бирлик органдарында төрагалык кылуунун алкагында, ЕАЭБди өнүктүрүүнү узак мөөнөттүү пландаштыруунун жаңы документтерин даярдоо демилгеси менен Россия Федерациясы чыккан.

Декларация 2045-жылга карата ЕАЭБди "экономикалык-технологиялык жана интеллектуалдык лидерликке ээ болгон жана мүчө мамлекеттердин калкынын бакубаттуулугунун жогорку деңгээлин колдогон, өз алдынча, гармониялуу өнүккөн жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн жагымдуу макрорегионго айландыруу" жолунда 2030-жылга чейинки орто мөөнөттүү келечекке Бирликтин милдеттерин аныктайт.

Документ алты багытты камтыйт:

- жалпы рынокту негизги товарлар жана ресурстар менен жана анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу;

- технологиялык өнүктүрүү чөйрөсүндө кооперациялык өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын жалпы мейкиндигин түзүү;

- жалпы транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүү;

- жалпы финансылык рынокту түзүү;

- интеграциялык потенциалга ээ чөйрөлөрдө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү;

- ЕАЭБдин эл аралык аренада экономикалык жагымдуулуктун уюлу катары иштеши.

Коюлган милдеттерди чечүү үчүн экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөлөрү боюнча ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталды, алар колдонуудагы механизмдерди өркүндөтүүнү да, жаңы механизмдерди да караштырат, атап айтканда: кооперациялык потенциалды өнүктүрүү максатында жаратылыш ресурстарын пайдалануу, санариптик технологияларды өнүктүрүү, жасалма интеллект тутумунун потенциалын ачуу жана аны колдонууну камсыздоо, агроөнөр жай комплексине инновациялык ыкмаларды киргизүү жана башкалар.

"Аталган милдеттерди ишке ашыруу Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу менен коштолушу керек, анын ичинде кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, Комиссиянын ишинин ачыктыгын жогорулатуу, Коллегиянын мүчөлөрүн ротациялоо жол-жоболорун өркүндөтүү жана Комиссиянын кызматкерлеринин кадрдык курамын түзүү, анын ичинде көз карандысыз конкурстук тандоо шартында Комиссиянын кызматкерлеринин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн мүчө мамлекеттердин жарандарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү, көз карандысыздык жана калыстык принциптеринин негизинде алардын кесиптик ишин жана бирдей эмгек шарттарын камсыз кылуу жолу менен", – деп жазылат документте.

Комиссияга Бирликтин мамлекеттери менен биргеликте Декларацияны жүзөгө ашыруу боюнча жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу жана 2025-жылы бекитүү үчүн сунуштоо тапшырылды.