Жаңылыктар

22.12.2023

Гоар Барсегян: "Россиялык төрагалыктын артыкчылыктарын ишке ашыруу ЕАЭБди көп уюлдуу дүйнөнүн өз алдынча уюлу катары калыптандырууга өбөлгө түзөт"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян "Евразия экономикалык бирлигинде Россиянын төрагалыгынын жыйынтыктары" тегерек столунда билдирди. Иш-чара 22-декабрда Россиянын эл аралык иштер боюнча кеңешинин демилгеси боюнча Москвада болуп өттү.

Гоар Барсегян белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын башында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Россия Президенти Владимир Путин тарабынан белгиленген артыкчылыктар бардыгын камтыган мүнөзгө ээ жана кызматташтыктын ар кандай чөйрөлөрүнө тиешелүү, анын ичинде Стратегия-2025ти ишке ашырууга жана стратегиялык пландоонун жаңы документтерин иштеп чыгууга багытталган. Ошондой эле россиялык төрагалыктын артыкчылыктарынын катарында – Бирликтин институционалдык түзүмүн өркүндөтүү, технологиялык эгемендүүлүккө жетишүү жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу, маалыматтык технологияларды киргизүү, улуттук төлөм инструменттеринин ролун жогорулатуу, эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, социалдык жана жаштар демилгелерин колдоо болду.

Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору белгилеп өткөндөй, Комиссия тараптар менен биргеликте жыл бою россиялык төрагалыктын артыкчылыктарын аткаруунун үстүндө иш алып барды.

Ошондой эле Гоар Барсегян бул иштин айрым негизги жыйынтыктарына токтолду: "Россия Президенти тарабынан сунушталган фундаменталдуу демилгени – орто жана узак мөөнөттүү келечекке евразиялык интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктай турган жаңы документти даярдоону зор шыктануу менен кабыл алдык. Өтө кыска мөөнөттөргө карабастан, биз алдыга коюлган милдетти толук көлөмдө ишке ашыра алдык, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде "Евразия экономикалык жолу" экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын долбоору иштелип чыкты.

ЕЭК өкүлү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунун жүрүшүндө документке кол коюлушу пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө айтып берди, ошондой эле бул багыттагы мындан аркы пландар менен бөлүштү.

"Алдыда – Декларацияны жүзөгө ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгуу турат. Россия Федерациясынын ЕАЭБ органдарында төрагалыгынын алкагында, биз биргелешкен күч-аракеттер менен түзгөн натыйжалуу иштер евразиялык экономикалык интеграциянын глобалдык максаттарына карай жолдо мындан аркы ийгиликтер үчүн негиз болот деп ишенебиз", – деп жыйынтыктады Гоар Барсегян.