13-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын төрагалыгы алдында Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык тармактарында кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү.
Кеңешменин катышуучулары — ЕАЭБдин аткаруу бийлик органдарынын жана тармактык концерндеринин жетекчилеринин орун басарлары — евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн деңгээлинде кооперацияны жана импортту алмаштырууну колдоо механизмдерине тиешелүү бир катар негизги маселелерди талкуулашты.
"Өткөн жылдын декабрында жогорку деңгээлдеги жумушчу топту Кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссияга өзгөрткөн учурдан тартып, ЕЭКтин өнөр жай блогу тарабынан Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте ырааттуу жана жемиштүү иш жүргүзүлдү, жана бүгүнкү күндө Бирлик мамлекеттеринин артыкчылыктуу тармактарда биргелешкен кооперациялык долбоорлорун өнүктүрүүнү өбөлгөлөө үчүн биз бир катар маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышыбыз зарыл", – деп билдирди Артак Камалян.
Комиссия мүчөлөрү мүчө мамлекеттердин аткаруу органдарынын ЕАЭБдин үч жана андан ашык өлкөлөрүнүн катышуусу менен мындай кооперациялык долбоорлорду түзүү боюнча ишин активдештирүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алышты. Кеңешменин катышуучулары каржылык уюмдар тарабынан берилген насыялар жана зайымдар боюнча пайыздык чендердин бөлүгүн Бирликтин бюджетинен субсидиялоо караштырылган, кооперациялык долбоорлорго каржылык көмөк көрсөтүүнүн улуттуктан жогорку жаңы механизминин маанилүүлүгүн белгилешти.
"Учурда биргелешкен долбоорлорду тандоодо жана ишке ашырууда аны жетекчиликке алуу керек болгон тийиштүү жобо толукталып иштелип чыгууда. Жаңы механизм экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн иштелип чыккан потенциалды олуттуу өлчөмдө ишке ашырууга жардам берет, – деп белгиледи ЕЭК министри. — Ошондуктан келечектүү кооперациялык долбоорлорду түзүү боюнча биздин өлкөлөрдүн бизнеси менен ишти жигердүү жүргүзүү зарыл".
Дискуссиянын алкагында тараптар кооперацияны өнүктүрүүнү демилгелөөнүн каржылык эмес механизмдерин түзүү жолу менен ЕАЭБдин өнөр жай потенциалын консолидациялоонун максатка ылайыктуулугун белгилешти, ошондой эле Бирликтин расмий сайтында жайгаштырылган ЕАЭБдин индустриялаштыруу картасын актуалдаштырууну макулдашышты. Бүгүнкү күндө бул документ 25 өнөр жай тармагындагы 158 ири инвестициялык жана маанилүү долбоорлорду камтыйт.
Отурумда ошондой эле мүчө мамлекеттердин индустриалдык-инновациялык инфраструктура объекттери жөнүндө маалыматты камтыган ЕАЭБдин электрондук сервисин өнүктүрүү боюнча иштердин уландысы жактырылды.
Маалымат
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык тармактарында кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия ЕЭК Коллегиясынын 2022-жылдын 20-декабрындагы № 225 тескемеси менен түзүлгөн.
Комиссиянын негизги милдеттери Бирликтин деңгээлинде өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык тармактарында кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча ишти уюштурууга комплекстүү көмөк көрсөтүү; Бирликтин деңгээлинде өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык тармактарында кооперацияны жана (же) импортту алмаштырууну колдоо механизмдерин жана инструменттерин иштеп чыгуу; ЕАЭБ деңгээлинде кооперациялык импортту алмаштыруучу өндүрүштүк тизмектерди түзүүгө көмөктөшүү; Бирлик мамлекеттеринде өндүрүлгөн жогорку технологиялык продукциянын ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу; мүчө мамлекеттерде өндүрүлгөн атаандаштыкка жөндөмдүү жогорку технологиялык продукцияга ички жана тышкы рыноктордун керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу болуп саналат.