Жаңылыктар

19.01.2024

Индия ЕАЭБ өлкөлөрү менен өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кызыкдар

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Николай Рогожник баштаган делегациясы Нью-Дели шаарында (Индия Республикасы) Smart Cities India Expo технологиялар жана инфраструктура эл аралык көргөзмөсүнө жана конференциясына катышты.

"Индия Евразия экономикалык бирлигинин Түштүк Азиядагы стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Бизде электромобилдерди куруу, кайра жаралуучу энергетика, электрондук өнөр жай, металлургия, фармацевтика, химия өнөр жайы сыяктуу тармактарда өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү потенциалы бар", – деп белгиледи Николай Рогожник.

ЕЭК өкүлдөрү өнөр жай чөйрөсүндө евразиялык интеграциянын негизги принциптери жөнүндө айтып беришти, иш-чаранын катышуучулары менен автомобилдик электр транспортунун, ал үчүн себилдегичтердин жана дүрмөттүк инфраструктуранын өндүрүшүн өнүктүрүү тажрыйбасын жана иштеп чыгууларын талкуулашты.

Комиссиянын өкүлдөрү Индия Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен өнөр жай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин да карашты.

Индиялык тарап ЕЭК менен өнөр жай чөйрөсүндө диалогду өнүктүрүүгө, анын ичинде негизги тармактарда кызматташуу маселелерин иштеп чыгууга кызыкдар экендигин билдирди. Мындан тышкары, индиялык бизнестин жана Түштүк Азия ишканаларынын өкүлдөрү ЕАЭБде өткөрүлүүчү форумдук иш-чараларга катышууга чакырылган.

Маалымат

Smart Cities India Expo эл аралык технологиялар жана инфраструктура көргөзмөсү жана конференциясы аталган тематика боюнча Азиядагы эң ири иш-чаралардын бири болуп саналат. Иш-чараны өткөрүү учурунда индиялык шаарларды төмөнкү чөйрөлөрдө иштеп чыгууларын жардамы менен акылдуу жана туруктуу кылууну көздөгөн ири компаниялардын жана жаңы муундагы стартаптардын жетишкендиктери көрсөтүлөт: кайра жаралуучу энергия, учкучсуз жана жашыл транспорт, электрондук башкаруу, байланыш тутумдары, маалыматтарды сактоо жана башкаруу, шаар куруунун инновациялык ыкмалары, логистика ж. б.