15-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында, Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында өткөн бетме-бет отурумда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн бажы-тарифтик чаралардын үчүнчү топтомун жактырды.
ЕЭК Кеңеши чечими менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесин колдоо чарасы катары Евразиялык реестрдеги товарлардын экспертизалоо актыларынын аракеттенүү мөөнөтү бир жылга узартылды. Документ Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелери боюнча Комиссия тарабынан түзүлүүчү Өнөр жай товарларын евразиялык реестрине товар жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн керек.
ЕЭК Кеңеши россиялык тараптын сунушу боюнча ЕАЭБдин "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылдын 1-сентябрына жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алды.
ЕЭК Кеңеши була жаратуучу полиэтилентерефталатты ЕАЭБ ТЭИ ТНдин өзүнчө позициясында бөлүп көрсөтүү жана ага карата бир жылдык мөөнөткө 0% өлчөмүндө алып келүү бажы алымынын ченин белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды.
ЕЭК Кеңешинин чечими менен, оңдоо жана (же) техникалык тейлөө жана бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн кайра алып келүү максатында, аларды ЕАЭБден ташып чыгуу үчүн жарандык жүргүнчү учактарынын дагы бир түрүн атайын бажы жол-жобосуна жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралды.
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарын колдонуу жана аткаруу үчүн зарыл болгон стандарттардын тизмегин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибинин жаңы редакциясын бекитишти.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча кол коюлган документтер
– "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин "Табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалымат берүү жөнүндө (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеме)" тескемесинин долбоору жөнүндө" чечим.
– "Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө" чечим.
– Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин "Евразия экономикалык комиссиясынын 2021-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоону жүргүзүүгө мониторинг жүргүзүү жөнүндө ар жылдык отчету жөнүндө" тескемесинин долбоору жөнүндө.
– "Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин "Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана алардагы жалпы атаандаштык эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө 2021-жыл үчүн ар жылдык отчёту жөнүндө" тескемесинин долбоору жөнүндө" чечим.
– "Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 161 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
– "Бажы бирлигинин "Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 009/2011) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
– "Казакстан Республикасы тарабынан Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерине ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы алымдарынын чендерине салыштырмалуу алып келүү бажы алымдарынын кыйла төмөн чендери колдонулган товарлардын тизмесине жана балыктардын уруктандырылган икрасынын айрым түрлөрүнө карата мындай алымдардын чендеринин өлчөмдөрүнө карата өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
– "Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифине, ошондой эле алып келүү бажы алымынын ченин өзгөртүү жөнүндө чечим Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан кабыл алынуучу сезимтал товарлардын тизмесине була жаратуучу полиэтилентерефталатка карата өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
– "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин "2018-жылдын 17-майындагы Бир тарабынан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин ортосунда жана экинчи тарабынан Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашуунун 2022-жылдын 14-мартында кол коюлган Протоколунун күчүнө кирүүсү жөнүндө" чечиминин долбоору жөнүндө" чечим.
– "Бир тарабынан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттердин ортосунда жана экинчи тарабынан Индонезия Республикасынын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени иликтөө боюнча биргелешкен изилдөө тобунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө" чечим.
– Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун күн тартибинин долбоору.
– "Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 114 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
– "Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
– "Бажы бирлигинин Комиссиясынын табигый ак майга карата айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
– "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин "2022-2023-жылдарга Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" чечиминин долбоору жөнүндө" чечим.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү