17-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын Биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши бетме-бет отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырып, документ ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүүгө үчүн мүчө мамлекеттерге жөнөтүл
ЕЭК Кеңеши медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизип, медициналык буюмдарга техникалык сыноолорду жүргүзүү эрежелеринин жана алардын биологиялык таасирин баалоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү эрежелеринин жаңы редакцияларын бекитти.
ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму 15-апрелде бетме-бет форматта Москва шаарында өткөрүлөт.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча кол коюлган документтер
· "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө" тескеме.
· "2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 11.6.6-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тескеме.
· "Евразия маалыматтык-эсептөө инфраструктурасы" мамлекеттер аралык программасынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө" тескеме.
· "Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин
· "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү биргелешкен иш-аракеттер программасы жөнүндө" тескемесинин долбоору жөнүндө" чечим.
· "Медициналык буюмдарга техникалык сыноолорду жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
· "Медициналык буюмдардын биологиялык таасирин баалоо максатында изилдөөлөрдү (сыноолорду) өткөрүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
· "Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 63 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
· "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) жаткан продукциянын (товарлардын) бирдиктүү тизмесинин II бөлүмүнүн 11-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
· Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин алып келүү бажы алымдарынын чендерин балыктын айрым түрлөрүнө карата белгилөө жөнүндө жана Казакстан Республикасы тарабынан Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерине ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы алымдарынын чендерине салыштырмалуу алып келүү бажы алымдарынын кыйла төмөн чендери колдонулган товарлардын тизмесине жана мындай алымдардын чендеринин өлчөмдөрүнө карата өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
· "Казакстан Республикасы тарабынан Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерине ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы алымдарынын чендерине салыштырмалуу алып келүү бажы алымдарынын кыйла төмөн чендери колдонулган товарлардын тизмесине жана жалбырактуу дарак түрлөрүнөн алынган жарым-жартылай агартылган же агартылган жыгач целлюлозасынын айрым түрлөрүнө карата мындай алымдардын чендеринин өлчөмдөрүнө карата өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
· "Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелеринин № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
· "Евразия экономикалык бирлигинин символикасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө" чечим.
· "Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечимине атом станциялары үчүн жылуулук бөлүп чыгаруучу курамаларды өндүрүү үчүн себилдегичтерге карата өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
· “Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын ички туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулугун, ошондой эле тышкы чакырыктарга каршы туруусун камсыздоо үчүн шарттарды түзүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топ жөнүндө” буйрук.
· "Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелеринин № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
· "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келүүчү товарлардын келип чыгышын тастыктоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жөнүндө" чечим.
· "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды (бажылык-тарифтик жөнгө салуу бөлүгүндө) жүзөгө ашыруу жөнүндө" чечим.
· "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
· "2022-жылга Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык тутумун түзүү, иштешин камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тескеме.
· "Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
Ошондой эле башка бир катар тапшырмалар кабыл алынды.
ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы чечимдери жана тескемелери жакынкы убакытта Укуктук порталда жайгаштырылат.