Жаңылыктар

25.09.2024

ЕЭК Кеңешинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы отурумунун жыйынтыктары

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүү үчүн Мүлктү баалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө административдик кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө жөнөттү. Макулдашуу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин аныктайт жана натыйжалуу административдик кызматташтыкты камсыздоого багытталган.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Россия Федерациясынын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө тамак-ашка биологиялык активдүү кошулмаларды (БАК) маркалоонун унификацияланган эрежелерин белгилөө жөнүндө сунушун карап чыкты жана чечим кабыл алды.https://eec.eaeunion.org/news/eaes-unifitsiruet-pravila-markirovki-biologicheski-aktivnykh-dobavok-k-pishche/ Кабыл алынган чечимге ылайык, БАКка берилген мамлекеттик каттоо жөнүндө жарактуу күбөлүгү бар тамак-аш продукциясынын кеңири тизмеги маркаланууга тийиш. Мүчө мамлекеттер өз аймагында идентификациялоо каражаттары менен продукцияны маркалоонун киргизилген датасын жана этаптуулугун өз алдынча аныктоого укуктуу, бул жөнүндө ЕЭКке кеминде алты ай мурда билдирүү менен.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Россия Федерациясынын демилгелүү сунушун карап чыгып, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө унификацияланган эрежелер боюнча сыранын жана сыранын негизинде даярдалган ичимдиктерди маркалоону киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.https://eec.eaeunion.org/news/opredeleny-edinye-pravila-tsifrovoy-markirovki-piva-i-pivnykh-napitkov-v-eaes/ Документке ылайык мүчө мамлекеттер өз аймагында көрсөтүлгөн продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү күнүн жана тартибин өз алдынча аныкташат жана бул туурасында ЕЭКке алты айдан кечиктирбестен мурда маалымдашат.