Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2-3-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) көздөшүү форматында өткөрүлгөн отурумунда сегиз маселени карап чыгышты.
Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун алкагында электр энергиясын (кубаттуулукту) мамлекеттер аралык берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтин эрежелерин бекитти. Бул ЕАЭБ өкмөт башчылары кабыл алышы керек болгон жалпы электр энергетикалык рынокту ишке киргизүү үчүн зарыл болгон эрежелер топтомунун биринчи бөлүгү.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын Түркмөнстан, Иран Ислам Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары жана Индия Республикасы багытындагы "Түндүк – Түштүк" эл аралык транспорттук коридору боюнча ишке ашырылуучу ташууларды "Евразиялык агроэкспресс" биргелешкен интеграциялык долбооруна киргизүү боюнча сунушун колдошту.
Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Өнөр жай чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, каржылоо жана ишке ашыруу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул документ Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 5 жылдан бери, 2018-жылдын февралынан бери колдонулууда жана азыркы учурда анын айрым ченемдерин түзөтүү зарылдыгы келип чыкты.
Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги макроэкономикалык кырдаал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө баяндаманы сунуштады. Баяндамада дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн учурдагы тенденциялары, ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн динамикасы жана перспективалары жөнүндө маалымат камтылган, өсүш үчүн тоскоолдуктар талданган жана Бирлик өлкөлөрүнүн экономикаларын өнүктүрүүнү колдоонун принциптери жана критерийлери сунушталган.
Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки отуруму 7-9-июнда Сочи шаарында (Россия Федерациясы) өтөт.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары – ЕӨАК Төрагасы, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-Министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары – Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов (көздөшүү) жана Куба Республикасынын Премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видео аркылуу) катышышты.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер.