ЕЭК Кеңеши электрондук сооданын товарларына карата ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарын тастыктоонун убактылуу тартибин бекитти. Тартип тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорлордун жүрүшүндө колдонулат.
ЕЭК Кеңеши Бирликтин "Сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөрдү киргизди. 2022-жылдын 31-декабрына чейин россиялык ички рынокто суюк ылайыкташтырылган же жарым-жартылай ылайыкташтырылган баштапкы же кийинки аралашмаларды, ичүүчү каймак менен сүттү, ошондой эле жаш балдар үчүн кычкыл сүт азыктарын 0,5 литрлик герметикалык таңгакта жүгүртүүгө чыгарууга уруксат берилет.
ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик объектилеринин бирдиктүү тизмесин батыш картофель коңуз-бүргөсү, батыш алча чымыны жана башкалар сыяктуу зыяндуу организмдердин 11 түрү менен толуктоо чечимин кабыл алды. Алар жемиш бактарына, жашылча өсүмдүктөрүнө, гүлдөргө жана башка өсүмдүктөргө залал тийгизип, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин биологиялык дары каражаттарын изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн эрежелерине толуктоолорду кабыл алды. Документ кан препараттарына изилдөө жүргүзүүнүн бирдиктүү, объективдүү жана транспаренттүү эрежелерин белгилейт, ошондой эле бул препараттардын коопсуздугу жөнүндө так эмес маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
ЕЭК Кеңеши ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор (ЫЭО) үчүн кошумча жөнөкөйлөтүүлөрдү аныктады. Бул чет элдик товарларды индентификациялоо каражаттары менен бажы органынын уруксатысыз маркалоо мүмкүнчүлүгүн берет.
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын тизмесин ишке ашыруунун алкагында, бажы операциялары биринчи кезекте жүргүзүлүүчү товарлардын тизмесин кеңейтти. Эми ЕАЭБдин тамак-аш жана башка өнөр жай тармактары үчүн импорттук компоненттер бажыдан тезирээк өтөт.
ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарына учурда болгон ички керектөөлөрдү камсыздоо үчүн өз ара сооданын алкагында кантты жеткирүүлөр боюнча келишимдерди түзүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын беришти.
ЕЭК Кеңеши санариптик рыноктордо атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн аныктоо, ошондой эле мындай рыноктордо Комиссиянын ыйгарым укуктарын тастыктоо бөлүгүндө атаандаштыктын абалын баалоо методикасына өзгөртүүлөрдү киргизди.
ЕЭК Кеңеши Трансчек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Документ Комиссиянын Коллегиясынын чечимдерин жол-жоболоштурууга карата талаптарды тактайт.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү