Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 23-сентябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө көп жолу колдонулуучу электрондук сигареталарды жана ушул сыяктуу жеке электрондук буулантуучу түзмөктөрдү унификацияланган эрежелер боюнча маркалоону киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.
ЕЭК Кеңеши тарабынан Бирликтин өлкөлөрүндө тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду жүргүзүүдө колдонулуучу экспресс-жүктөр үчүн товарларга карата декларацияларга түзөтүүлөрдү толтуруунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо мүмкүнчүлүгү караштырылган.
ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Индонезия Республикасы менен бизнес-диалог жүргүзүү боюнча тапшырмага кол коюшту.
ЕАЭБ бажы аймагында жана чек арасында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөр кабыл алынды.
Жеке жактар үчүн товарларды алымсыз алып келүүнүн 1000 еврого чейинки босогосунун аракетин 2023-жылдын 1-апрелине чейин узартуу чечими кабыл алынды.
ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Бирликтин бажы аймагында ветеринардык багыттагы диагностикалык каражаттарды жүгүртүүнү жөнгө салуунун бирдиктүү эрежелерин кабыл алышты.
ЕЭК Кеңешинин кийинки отуруму 7-октябрда видеоформатта өткөрүлмөкчү.