Жаңылыктар

30.03.2023 (Обновлено: 03.04.2023 17:32)

ЕЭК Кеңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы отурумунун жыйынтыктары

30-мартта Москвада Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин отуруму онлайн-форматында болуп өттү.

Жеке жактар үчүн товарларды алымсыз ташып келүү босогосунун таасири дагы жарым жылга узартылды. Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин жеке жактар үчүн товарларды алымсыз алып келүү чеги 1000 еврону жана ташуучу же почта аркылуу ташылган, аба транспортунан башка транспорттун бардык түрлөрү менен же жөө алынып келген товарлар үчүн 31 кг түзөт.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде тростниктен жасалган чийки кантты алымсыз алып келүү түрүндөгү тарифтик жеңилдикти берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Беларусь Республикасына 100 миң тоннадан көп эмес көлөмдө, Казакстан Республикасына – 350 миң тоннадан көп эмес көлөмдө, Кыргыз Республикасына – 50 миң тоннадан көп эмес көлөмдө, Россия Федерациясына – 100 миң тоннадан көп эмес көлөмдө алып келинген кант алып келүү бажы алымынан бошотулат.

Казакстандык тараптын сунушу боюнча мамлекеттик сатып алуулар үчүн Келип чыккан өлкөнү тастыктоо эрежелери жаңы өндүрүштүк шарттар менен толукталды.

"2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда каржылык көмөк көрсөтүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоору жөнүндө" маселе каралды. ЕАЭБ жөнүндө келишимге өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда каржылык көмөк көрсөтүү жагында өзгөртүүлөрдүн долбоору ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн жөнөтүлөт.

Улуттук мыйзамдарга ылайык медициналык буюмдарды жүгүртүүнү жөнгө салуу учурлары такталды.

"Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке өзгөртүүлөр киргизилди.

Мамлекеттик сатып алуулар үчүн банк кепилдигин өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды.