Жаңылыктар

26.12.2024

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2024-жылдын 26-декабрдагы отурумунун жыйынтыктары

26-декабрда Ленинград облусунда (РФ) Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) Төрагасы Никол Пашиняндын төрагалыгы астында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн башчыларынын, ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттердин башчыларынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевдин катышуусунда ЖЕЭК отуруму болуп өттү.

Кеңештин мүчөлөрү 2025-жылга карата ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын — мүчө мамлекеттердин сунуштамаларына ылайык Комиссия тарабынан иштелип чыккан, бул чөйрөдө система түзүүчү документти бекитишти.

ЕАЭБ жөнүндө келишимге иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол жактырылды.

Бирлик өлкөлөрүнүн лидерлерине Комиссиянын Евразия экономикалык бирлигинде кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштеши жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлорун либералдаштыруу жөнүндө баяндамалары сунушталды.

ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ал Бирликтин үчүнчү өлкөлөр менен бирдиктүү транзиттик тутумду түзүү жөнүндө айрым эл аралык келишимдерин түзүү үчүн фундаменталдык укуктук негиздерди аныктайт.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Иран Ислам Республикасына ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет статусун берди.

Бирлик өлкөлөрүнүн башчылары 2025-жылы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде Беларусь Республикасы төрагалык кыларын аныкташты.

ЖЕЭКтин кезектеги отуруму 2025-жылдын май айынын аягында Беларуста өтөт.