Жаңылыктар

27.05.2022 (Обновлено: 17.06.2022 10:31)

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 27-майдагы отурумунун жыйынтыктары

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары – Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин, Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин, Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин видеоконференция режиминдеги отуруму өткөрүлдү.

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин башчыларына 2021-жылдын жыйынтыктары боюнча Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө, ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин 2021-жылга карата негизги багыттарынын ишке ашырылышы жөнүндө баяндама жасалды.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Индонезия Республикасы менен эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алды.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары ЕАЭБ мамлекеттеринин 2022–2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттамаларын бекитишти.

Жогорку кеңеш 29-майды Евразия экономикалык бирлигинин күнү деп белгиледи. Эске сала кетсек, бул күнү 2014-жылы Бирликти түзүү жөнүндө негиз салуучу документ болуп саналган ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлган. ЖЕЭКтин тескемесинде белгиленгендей, мындай күндү белгилөө Бирликтин мамлекеттеринин ортоктоштугун бекемдөөгө жана алардын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жардам берет.

Жогорку кеңеш 2014-жылдагы Евразия экономикалык бирлигинин символикасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. Атап айтканда, Бирликтин органдарынын видеоконференция режиминдеги отурумдарында ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттердин желектерин колдонуу тартиби регламенттелди.

Евразия экономикалык комиссиясынын ишин өркүндөтүү, анын отурумдарын өткөрүүнүн ачыктыгын жогорулатуу максатында Жогорку Кеңеш ЕЭКтин иштөө регламентин жаңы жобо менен толуктады. Ага ылайык, мүчө мамлекеттин Комиссия менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органы ЕЭК Коллегиясынын отурумдарынын трансляциясына жетүүгө укук алат. Отурумдун таралышы чектелген маалыматтарды камтыган маселелер каралган бөлүгү гана трансляциялоого жатпайт. Трансляцияны өткөрүү тартиби Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы тарабынан бекитилет.

Жогорку кеңеш ЕЭК Коллегиясынын Кыргыз Республикасынан жаңы мүчөсүн – Арзыбек Орозбекович Кожошевди Темирбек Ишенбаевич Асанбековдун ордуна энергетика жана инфраструктура боюнча министр кызматына дайындады.

Жогорку Кеңештин кийинки отуруму 2022-жылдын декабрь айында Бишкекте өткөрүлмөкчү. 


Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму боюнча жактырылган документтер

– "Индонезия Республикасы менен эркин соода келишимин түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө" чечим,

– "Табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалымат берүү жөнүндө (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеме) тескеме,

- "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин 2022-2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" чечим,

- "2021-жылы Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштин натыйжалары жөнүндө" тескеме,

– "2018-жылдын 17-майындагы Бир тарабынан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин ортосунда жана экинчи тарабынан Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашуунун 2022-жылдын 14-мартында кол коюлган Протоколунун күчүнө кирүүсү жөнүндө" чечим,

- "Евразия экономикалык бирлигинин Күнүн белгилөө жөнүндө" тескеме,

- "Евразия экономикалык бирлигинин символикасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим,

- "Евразия экономикалык комиссиясынын иш регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" чечим,

- "Евразия экономикалык бирлигинин органдарында 2021-жылы тышкы аудитти (контролду) жүзөгө ашыруунун натыйжалары жөнүндө" чечим,

- "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" чечим,

- "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө" чечим,

- "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумун өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү