Жаңылыктар

09.12.2022 (Обновлено: 14.12.2022 16:35)

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2022-жылдын 9-декабрдагы отурумунун жыйынтыктары

Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары – Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин, Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин (видео-кайрылуу форматында), Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун, Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму көздөшүү форматында өткөрүлдү.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Евразия экономикалык бирлигинин Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө чечим кабыл алышты.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Бирликтин аймагында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө КНС алуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүүчү протоколго кол коюшту.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоонун жаңы форматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары 2023-жылга карата ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин Негизги багыттарын бекитишти.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши кызмат көрсөтүүлөрдү либералдаштыруу үчүн артыкчылыктуу багыттардын тизмесин бекитти, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү рыногун кеңейтүү жөнүндө чечим кабыл алды, ага 2023-жылдын 1-январынан тарта кызмат көрсөтүүлөрдүн 14 сектору өтөт, алардын арасында - метеорология кызмат көрсөтүүлөрү, тиричилик жана башка көмөкчү кызмат көрсөтүүлөр бар.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши көмөкчү органды - ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешин түзүүнү чечти. Кеңеш жөнүндө жобо бекитилди. Жетекчилердин Кеңешин түзүү Бирлик өлкөлөрүнүн бул чөйрөдө улуттук экономикаларды энергетикалык ресурстардын негизги түрлөрү менен камсыздоого, узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, координацияланган энергетикалык саясатты жүргүзүүгө жана энергоресурстардын жалпы рынокторун этап этабы менен түзүүнү жүзөгө ашырууга багытталган өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

ЖЕЭКтин чечимине ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБдин органдарында – Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде Россия Федерациясы бир жыл бою төрагалык кылмакчы. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, аталган органдардагы төрагалыктын постунда жыл сайын орус алфавитинин тартибинде пландык ротация жүргүзүлөт. Өтүп бара жаткан 2022-жылы бардык түзүмдөрдө Кыргыз Республикасы жана анын өкүлдөрү төрагалык кылды.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки отуруму 2023-жылдын 24-25-майында Россия Федерациясында өткөрүлмөкчү.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча кол коюлган документтер

-       "Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соодалашуу жөнүндө келишимин түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө" чечим,

-     "Евразия экономикалык бирлигинин 2023-жылга эл аралык ишмердигинин Негизги багыттары жөнүндө" чечим,

-    "Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентине карата № 1 тиркеменин 63-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим,

-     "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө" чечим,

-    2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол,

-    "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу иштеп жаткан кызмат көрсөтүүлөр секторлорунун (чакан секторлорунун) тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим,

-     "Либералдаштыруу пландарына ылайык (өткөөл мезгилдин аралыгында), Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү боюнча иштер улантыла турган кызмат көрсөтүүлөр секторлорун (чакан секторлорун) аныктоо максатында кызмат көрсөтүүлөрдү либералдаштыруу үчүн артыкчылыктуу багыттардын тизмеси жөнүндө" чечим,

-    "Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйлоо жөнүндө" чечим,

-    "Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Тышкы аудит (контроль) жөнүндө жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу" чечим,

-       "Евразия экономикалык бирлигинин Сотуна кайрылууда чарбакер субъекттер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" чечим,

-    "Евразия экономикалык бирлигинин органдарында төрагалык кылуу жөнүндө" чечим,