Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди (ББ ТР 009/2011).
Стандарттардын тизмеси жети мамлекеттер аралык стандарттар менен толукталды, үч стандарт 2023-жылдын жаңы версияларына алмаштырылды.
Өзгөртүүлөрдү колдонууга ыңгайлаштыруу, ошондой эле шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо максатында долбоордо тизмеге жаңыдан киргизилген стандарттар 2025-жылдын 1-январынан кийин колдонула тургандыгы белгиленген.