Жаңылыктар

03.04.2024

Касым-Жомарт Токаев жана Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБди стратегиялык өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 3-апрелде Астана шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

 Атап айтканда, ЕАЭБдин ички рыногунун иштеши, өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун ишке ашыруу жана кошумча нарк тизмегин түзүү, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өркүндөтүү маселелери каралды.

Санариптик көйгөйлөргө карата жаңы мамилелерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, анын ичинде Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Бакытжан Сагинтаев маалымдагандай, үстүбүздөгү жылы Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларына ар тараптуу санариптештирүү шартында "төрт эркиндик" принцибинин көз карашын сунуштайт.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ошондой эле евразиялык "бешилтиктин" 10 жылдагы негизги жетишкендиктери жөнүндө маалымдады.

Алсак, мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода дээрлик эки эсеге, ал эми тышкы соода жүгүртүү 60%га көбөйгөн. ЕАЭБдин жалпы ИДӨсү 2,4 трлн долларды түзөт, башка макроэкономикалык көрсөткүчтөр да оң динамиканы көрсөтүүдө.

Интеграциялык процесстерди өнүктүрүү перспективаларын талкуулоодо тараптар Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте "Евразия экономикалык жолу" декларациясында камтылган демилгелерди ишке ашырууну карашты.

Жолугушуунун алкагында ЕАЭБдин тышкы тректеги ишмердүүлүгүн күчөтүү, үчүнчү өлкөлөр жана эл аралык бирикмелер (ШКУ, БРИКС, АСЕАН, Анд коомчулугу ж.б.) менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Касым-Жомарт Токаев бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди жана Евразия экономикалык комиссиясынын алдына жаңы милдеттерди койду.