Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы темир жол транспорту чөйрөсүндө техникалык регламенттерди ишке ашыруу үчүн стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди. Тизмектер тогуз стандарт менен толукталды.
Өзгөртүүлөр бул стандарттардын өнөр жай үчүн өзгөчө маанилүүлүгүнө жана темир жол машина куруу продукцияларынын шайкештигин баалоо жол-жоболорун жүргүзүүнүн актуалдуулугуна байланыштуу 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.
Мындан тышкары, шайкештикти баалоо боюнча органдарды стандарттардын жаңы версияларына аккредитациялоону камсыз кылуу максатында 180 календардык күндөн кийин күчүнө кире турган стандарттардын тизмесинин жаңы редакциялары бекитилди.
Стандарттардын тизмектеринин жаңы редакциялары тийиштүү тизмектерге киргизилген стандарттарды кабыл алууга, колдонууга, жаңыртууга жана жокко чыгарууга мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча даярдалган.
"Өзгөртүүлөрдүн максаты – стандарттардын актуалдуу версияларын колдонуу шарттарын түзүү жана аларды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө жараша улуттук стандарттардан мамлекеттер аралык стандарттарга план ченемдүү өтүү", – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий.
Стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр Россиянын Транспорт министрлиги тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте эксперттердин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыккан.
Айрым мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттарга карата аларды колдонууга адаптациялоо үчүн өткөөл мезгил белгиленген.