Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 25-апрелде Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашууну жактыруу жана мамлекеттик ички макулдашууну жүргүзүү үчүн аны Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө жөнөтүү жөнүндө тескемени кабыл алды.
Мамлекеттик ички макулдашуунун жыйынтыктары жөнүндө тараптар Комиссияга 2023-жылдын 1-июнуна чейин маалымдашы керек.
Макулдашуунун долбоору 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 3.1.8-пунктун аткаруунун алкагында даярдалган. Ал Бирликтин жана үчүнчү тараптын бажы транзитинин бирдиктүү тутумунун иштешинин негизги принциптерин аныктайт: ЕАЭБдин бажы аймагы жана үчүнчү тараптын бажы аймагы боюнча товарларды ташууда бирдиктүү транзиттик декларацияны колдонуу, жалпы камсыздоону колдонуу, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду өз ара таануу жана аларга айрым атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү берүү, ошондой эле бүтүндөй ташууга бир навигациялык пломбаны колдонуу.