Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы фосфаттардын айрым түрлөрүнө (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2510 20 000 0) карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк ченин колдонуу мөөнөтүн эки жылга узартуу чечимин кабыл алды.
"Чара Евразия экономикалык бирлигинин аймагында фосфаттарды өндүрүүнүн чектелген көлөмдөрүнүн шарттарында минералдык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктарды жүктөөнү камсыздоого өбөлгө түзөт", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Чараны колдонуунун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында чечимдин расмий жарыяланган датасынан тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кириши жана анын аракетин 2024-жылдын 5-январынан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтуу каралган.
Маалымат
ЕАЭБ ББТнын чийки заттын көрсөтүлгөн түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымынын учурдагы коюму алардын бажы наркынын 5%ын түзөт. Комиссиянын Коллегиясынын 2021-жылдын 12-январындагы № 2 чечимине жана Комиссиянын Кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 80 чечимине ылайык, 2021-жылдын 5-январынан тарта 2024-жылдын 4-январына чейин бажы наркынан 0% өлчөмүндө алып келүү бажы алымынын убактылуу чени колдонулган.