Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиковдун жана ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Владимир Синкевичтин жетекчилиги астында мамлекеттик органдардын, ишкер ассоциациялардын жана бизнестин өкүлдөрү менен Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн ирандык рынокко айыл чарба продукцияларынын жеткиликтүүлүгү маселелерин талкуулоо болуп өттү. Жолугушуу ЕАЭБ менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө келишим ушул жылдын 15-майында күчүнө кирүүсүн утурлай өттү.
Макулдашуунун преференциалдык камтуусуна айыл чарба товардык номенклатурасынын 67%ы кирет, анын үлүшүнө ЕАЭБдин Иранга айыл чарба экспортунун 98%ы туура келет. Соода режимин либералдаштыруу ирандык тараптын тарифтик коргоо деңгээлин олуттуу түрдө төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет: Ирандын РНБ орточо чени бүткүл айыл чарба товардык номенклатурасы боюнча 30%дан 14%га чейин төмөндөйт.
"Макулдашуу ЕАЭБ бизнеси үчүн иран рыногуна, анын ичинде азык-түлүк товарлары жагында жеткиликтүүлүктүн уникалдуу тарифтик шарттарын түзөт. Буга байланыштуу биз биринчи кезекте бул багыт боюнча Иран менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында көңүл бурушубуз керек болгон тоскоолдуктарды жана көйгөйлүү маселелерди аныктоо зарыл", – деп белгиледи Владимир Серпиков.
Ал ошондой эле, бир эле мезгилде Макулдашууда санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонууга тиешелүү жөнгө салуучу бөлүк жакшыртылганын, алар өз ара соодага олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн экенин эске салды.
"ЕАЭБде СФС-чаралар чөйрөсүндө ченемдик-укуктук база түзүлгөн, ал коопсуздукка, анын ичинде азык-түлүк продукциясына, Бирликтин аймагы боюнча алып келүүнүн жана аны алып өтүүнүн тартибине карата талаптарды белгилейт. Көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө ЕАЭБ укугу сакталган учурда үчүнчү өлкөлөрдүн, анын ичинде Ирандын продукциясы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин рыногуна келет", – деп маалымдады Владимир Синкевич.
Айыл чарба продукцияларынын жеткиликтүүлүгү, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу маселелерин 2025-жылдын экинчи жарымына пландаштырылган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комитеттин биринчи отурумунун жүрүшүндө ирандык тарап менен талкуулоо сунушталды. Мындан тышкары, бул жаатта ирандык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн кыйла келечектүү багыттарын ЕАЭБдин, анын мүчө мамлекеттеринин жана Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча Макулдашуунун жоболорун имплементациялоого багытталган Биргелешкен иш-чаралар планынын (жол картасынын) долбооруна киргизүү пландаштырылууда.