Жаңылыктар

28.02.2025

Комиссия декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин жөнөкөйлөштүрүүнүн үстүндө иштеп жатат

Товарлар чыгарылганга чейин жана андан кийин декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын профилдик Консультативдик комитетинин алдындагы бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги отурумунда каралды.

Атап айтканда, ТЭИнин катышуучулары тарабынан декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесинде документтерди кыскартуу, декларацияны электрондук түзөтүүнүн артыкчылыгын бекемдөө жана жазуу жүзүндөгү документтерди колдонуу учурларын конкреттештирүү, бажы органынын чечимин электрондук түрдө жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу багыттар козголду.

 Товарларга декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 289 Чечими менен бекитилген.

Бажылык жөнгө салуу боюнча Консультативдик комитетке караштуу бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топту түзүү ЕЭКтин Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин 54-отурумунда жактырылган.