Жаңылыктар

07.04.2022

Евразиялык экономикалык форуму – 2022ни даярдоо боюнча Комиссиянын Оперативдик штабынын жетекчисинин комментарийи

Евразия экономикалык форуму Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 26-27-май күндөрү Бишкекте өткөрүлө турган жыйынынын алдында өтөт. Бул туурасында Форумду даярдоо боюнча Комиссиянын Оперативдик штабынын жетекчиси, ЕЭКтин протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.

"Бардык өлкөлөр Жогорку Кеңештин жыйыны өткөрүлө турган күндү жана орунду тастыкташты. Азыркы учурда иш-чараларды даярдоо маселелери Кыргыз Республикасы тарабынан да, Комиссия тарабынан да жигердүү иштелип жатат. 8-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Арзыбек Орозбекович Кожошевдин жетекчилиги алдында Уюштуруу комитетинин отурумун өткөрүү пландалууда, анда форумдун концепциясын бекитүү пландаштырылат", - деп баса белгиледи Данияр Турусбеков.
Ал белгилеп өткөндөй, форумдун алкагында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу менен пленардык отурум, ошондой эле 6 панелдик сессия жана ЕАЭБ агроөнөр жай товарларынын көргөзмөсүн өткөрүү пландаштырылган.
"Бизнес-коомчулуктун, илимий жана эксперттик чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн форумга катышууга чакырабыз. Биздин расмий сайтта жана Комиссиянын маалыматтык ресурстарында жаңылыктарга көз салып туруңуздар", - деп кошумчалады Данияр Турусбеков.
Маалымат

Евразия экономикалык форуму Бирликтин органдарында, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана ЕЭК Кеңешинде төрагалык кылган ЕАЭБ мамлекетинде жыл сайын кезек менен өткөрүлүүчү, Евразия экономикалык бирлигинин экономика чөйрөсүндөгү ишкердик иш-чарасы. Форум ЖЕЭКтин 2019-жылдын 1-октябрындагы № 16 чечиминин негизинде өткөрүлөт. Иш-чара ага мүчө мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилеринин, мүчө мамлекеттердин биринчи адамдарынын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн, Бирликтин алкагында өз ара аракеттенүүгө кызыкдар болгон эл аралык, илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна багытталган. Евразия экономикалык форумун өткөрүүнүн максаттары – мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү, мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосунда кооперациялык байланыштарды түзүү жана мүчө мамлекеттердин инвестициялык жана инновациялык потенциалдарын бириктирүүдөн синергетикалык натыйжага жетишүү, алардын экспорттук потенциалын өнүктүрүү.