Техникалык жөнгө салууну өркүндөтүү, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун төрагалыгы астында профилдик консультативдик комитеттин отурумунда каралды. Евразия экономикалык бирлигинин "Курулуш материалдарынын жана буюмдарынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентинин долбоору жана Бажы Бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техрегламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору ачык талкуулоо үчүн жактырылды.
Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕЭК Коллегиясынын отурумунда кароо үчүн Бажы бирлигинин "Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине, "Ташууга жана (же) колдонууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө", "Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга карата талаптар жөнүндө", "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка карата талаптар жөнүндө", "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" жана "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" техрегламенттерге карата стандарттардын актуалдаштырылган тизмектерине өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун жөнөтүүнү сунушташты.
Ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын отурумунда кароо үчүн Минералдык жер семирткичтерди каттоонун, Евразия экономикалык бирлигинин рыногунда жүгүртүүгө уруксат берилген минералдык жер семирткичтердин бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жана Бирликтин бажы аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келинген үрөндүк жана көчөт материалдарын өндүрүү (даярдоо), жыйноо, таңгактоо жана сорттоо жерлерин изилдөөнү жүргүзүү жагында жана Бирдиктүү тизмекти жаңы зыяндуу организмдер менен толуктоодо фитосанитардык тобокелдикти талдоонун жыйынтыктарын берүү жагында ЕАЭБ аймагында өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуунун бирдиктүү эрежелерине жана ченемдерине өзгөртүүлөр жактырылды.
Мындан тышкары Консультативдик комитеттин мүчөлөрү Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин талаптарына шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди электрондук түрдө жол-жоболоштуруу жана мындай документтердин убактылуу реестрин түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулашты.