ЕАЭБде жаңы олуттуу тармактык бирикмени түзүүгө Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун координациясы астында аталган компаниялардын ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумдун түзүлүшү өбөлгө болду.
"Прогресс" рынок конъюнктурасын изилдөөнү, семинарларды, конференцияларды уюштурууну, ошондой эле улуттук жана улуттан жогорку мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүнү пландаштырууда.
"Бул бирикменин түзүлүшү – Комиссиянын Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ишканаларынын ортосундагы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан тутумдук ишинин практикалык натыйжасы болуп саналган маанилүү окуя", – деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.Мындан сырткары, өткөн жылда Беларустун жана Россиянын ишканаларынын жетекчилери тарабынан кол коюлган меморандумду ишке ашыруунун алкагында айыл чарбасы, ошондой эле токой жана коммуналдык чарбасы үчүн машиналарды жана жабдууларды өндүрүү чөйрөсүндө перспективдүү долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, тармактар аралык жана мамлекеттер аралык кооперацияны тереңдетүү, продукцияны үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна илгерилетүү пландаштырылууда. Документте рыноктун башка катышуучулары да меморандумга кошула алышат деп белгиленген.