Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович жана "Санкт-Петербург эл аралык товардык-чийки зат биржасы" АК Президенти Игорь Артемьев Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын жалпы биржалык рыногун түзүүнү талкуулашты.
"Азыркы учурда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери талкуулап жаткан Концепция биржа рыногунун дээрлик бардык товардык номенклатурасын камтууга тийиш. Биздин "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн рыногунда жүгүртүлүп жаткан товарлардын, баарыдан мурда чийки заттардын көлөмдөрү жана номенклатурасы баа индикаторлорунун улуттуктан жогорку тутумун түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылаарына ишенем", – деди ЕЭК министри.
Документ — жогорку деңгээлдеги даярдыкта: жакынкы убакта аны Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде кароо пландаштырылууда.
"Биздин өкмөттөрдүн макулдугу менен биржаларга азыркы учурда эле товарларды сатуу боюнча биргелешкен сессияларды уюштурууга эч нерсе тоскоол болбойт, келечекте толук кандуу биржа рынокторун түзүү жана иштетүү принциптерин иш жүзүндө акырындык менен калыптандыруу үчүн", — деп белгиледи Игорь Артемьев.