Жаңылыктар

25.02.2022 (Обновлено: 21.03.2022 12:22)

Өкмөттөр аралык кеңеш Бирликтин мамлекеттеринин учак куруудагы кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасын бекитти

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде жарандык учак куруу чөйрөсүндөгү өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча иш-чаралардын 2022-2023-жылдарга карата планын (жол картасын) бекитти.

"Биздин өлкөлөр Бирликтин учак куруу чөйрөсүндөгү ишканаларынын потенциалы чоң экендигин түшүнүшөт, жана биз аны толугу менен ишке ашырышыбыз зарыл. Бул үчүн технологиялык жана кадрдык мүмкүнчүлүктөр бар, иш-аракеттерди бириктирүү гана керек", – деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. 
Жол картасында белгиленген иш-чаралардын арасында – "Жарандык учак куруу" евразиялык технологиялык платформасын түзүү, каржылоо маселелерин чечүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, Бирликтин өлкөлөрүнүн бул чөйрөдөгү ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү, кеңири талдамадык ишти жүргүзүү. Документтин негизги милдети Евразия мейкиндигинде учак куруу ишканаларынын кооперациялык чынжырларын түзүү болуп саналат. 

"Биз Бирлигибиздин учак куруу чөйрөсүндөгү ишканаларын бирдиктүү өндүрүштүк процесске бириктирүү боюнча активдүү ишти улантуудабыз. ЕАЭБ мамлекеттеринин учак куруудагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр болгон кызыкдар өнөр жай ишканаларынын бирдиктүү тизмеги түзүлдү жана туруктуу негизде актуалдаштырылууда", – деп билдирди Артак Камалян. – Бүгүнкү күндө россиялык тараптан "Иркут" корпорациясынын атынан МС-21 учагынын тутумдарынын импортун алмаштыруу программасынын алкагында контрактталган себилдегич жабдуулардын тизмегине ылайык, кооперацияга кызыкдар болгон жеткирүүчүлөрдүн тизмеги алынды".
ЕЭК министри учурда ЕАЭБ өлкөлөрүндө аталган тизмек боюнча потенциалдуу жеткирүүчүлөр болуп саналган ишканалар менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси иштелип чыгууда деп баса белгиледи.

Маалымат

2020-жылдын декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринин учак куруу тармагындагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү жана өнөр жайдын жогорку технологиялык тармактарында, анын ичинде авиация өнөр жайында импортту алмаштыруу боюнча комиссияны түзүү милдетин койгон. Бул иштин максаты – учак куруудагы кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы кооперациялык чынжырларды издөө, Бирликтин аймагында кошулган наркты түзүү.