Жаңылыктар

15.09.2022 (Обновлено: 26.09.2022 09:09)

Михаил Мясникович жана ШКУ Башкы катчысы Чжан Мин Чоң Евразияда транспорттук-логистикалык мега-долбоордун жүзөгө ашырылышын талкуулашты

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнү Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана ШКУ Башкы катчысы Чжан Мин 15-сентябрда Самаркандда ШКУ саммитинин талааларында талкуулашты.
Михаил Мясникович ЕАЭБ менен ШКУнун экономикалык байланыштары жакшырып жаткандыгын белгиледи. 

"2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ менен ШКУнун ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылга салыштырмалуу 31,9%га – 198,6 млрд АКШ долларына чейин өскөн, - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын башчысы. - Ал эми үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында өз ара соода дагы үчтүн бирине өстү".

Тараптар жакынкы убакта ЕЭК менен ШКУнун Катчылыгынын ортосунда Меморандумду жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюу жөнүндө макулдашышты. Документ макулдашуунун акыркы баскычында турат жана эки бирикменин дараметтеринин андан аркы синергиясы үчүн негиз болмокчу.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович евразия регионунун аймагын бириктирүүгө багытталган транспорттук-логистикалык мега-долбоорду биргелешип иштеп чыгууну сунуштады. Демилгени эки бирикменин алдыда өтө турган эксперттик консультацияларынын алкагында талкуулоо пландаштырылат. ЕАЭБ бул үчүн бажы транзити, транспорттук коридорлорду жана каттамдарды санариптештирүү чөйрөсүндө өздүк иштеп чыгууларды сунуштоого даяр.

Жолугушуунун алкагында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ШКУ Башкы катчысына ЕАЭБдин санариптик транспорттук коридорлорунун экотутумунун улуттук сервистеринин витринасын түзүү долбоору боюнча материалдарды тапшырды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин августтагы отурумунда ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү артыкчылыктуу инфраструктуралык транспорттук долбоорлордун тизмеги жактырылган. Тизмекке баары болуп ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишке ашыруунун ар түрдүү баскычтарындагы жети долбоору кирди. Алардын баары Евразия транспорт коридорлорун жана каттамдарын, транзиттик потенциалды жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгеси менен байланыштыруунун алкагында "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк – Түштүк" эл аралык транспорт коридорлоруна кирген транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

ШКУ саммитинде өз ара байланышты жана натыйжалуу экономикалык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча стратегиялык документти кароо пландаштырылат. Жаңы каттамдарды түзүү боюнча сунуштар ЕАЭБдин стратегиялык документтеринде аныкталган максаттар жана милдеттер менен да дээрлик толугу менен дал келет.

Ошондой эле Михаил Мясникович жана Чжан Мин бир катар артыкчылыктуу багыттардын үстүндө, атап айтканда, улуттук валюталарда өз ара эсептешүүлөр жана трансчек аралык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн улуттук валюталарды пайдалануунун негизинде валюталык-төлөм тутумдарын интеграциялоо, сооданы каржылоо жана инвестициялар, ишкер чөйрөлөрдүн жана жаштардын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо жаатында ЕАЭБ менен ШКУнун күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгын баса белгилешти.

Бул ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын жана ШКУ Башкы катчысынын 2022-жылдагы экинчи жолугушуусу. Өткөн жылы ЕЭК жана ШКУ Катчылыгы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. 2022-жылдын май айында Москвада ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын жана ШКУ Башкы катчысы Чжан Миндин жолугушуусу болуп өтүп, анда тараптар кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык кадамдарды талкуулашкан. ШКУ Башкы катчысы ошондой эле Бишкек шаарында өткөрүлгөн I Евразия экономикалык форумунун жана ушул жылы Санкт-Петербургда өткөн Петербург эл аралык экономикалык форумунун ишине катышкан.