Жаңылыктар

05.10.2022

Михаил Мясникович жана Сергей Лавров ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин маселелерин талкуулашты

Келерки жылы ЕАЭБ органдарында Россиянын төрагалыгынын контекстинде Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык ишмердигинин маселелерин 5-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында Бирликтин үчүнчү өлкөлөр жана эл аралык бирикмелер менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө сөз болду, атап айтканда, ЕАЭБдин КМШ, Азия, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Латын Америкасынын мамлекеттери менен кызматташтыгынын келечеги туурасында айтылды.

Тараптар көп уюлдуу дүйнө түзүмүн калыптандыруу процессинде ЕАЭБди Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн интеграциялык контурунун борборлорунун бири катары позициялоо боюнча биргелешкен иштин натыйжалуулугун белгилешти.

Эл аралык аренада ЕАЭБдин маалыматтык позицияланышына, ошондой эле жаштар менен иштөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Михаил Мясникович жана Сергей Лавров интеграциялык күн тартиби боюнча мындан аркы жумушчу байланыштарды колдоону макулдашышты.