Жаңылыктар

10.04.2024

ЕЭК министри Сергей Глазьев Мьянманын Премьер-министри Мин Аун Хлайн менен жолугушту

Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясынын Мьянма Бирлигине расмий сапарынын жүрүшүндө ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин жана Мьянма Бирлиги Республикасынын Мамлекеттик административдик кеңешинин Төрагасы, Премьер-министри улук генерал Мин Аун Хлайндын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Мьянманын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы жыйынтыктарын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Сергей Глазьев белгилегендей, ЕЭК менен Мьянма Бирлиги Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу кызматташтыктын негизги чөйрөлөрүндө диалогду тереңдетүүгө өбөлгө түзүүдө.

Бул этапта ЕАЭБ өлкөлөрү менен Мьянманын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу, өз ара соодадагы тең салмаксыздыкты четтетүү, ЕЭКтин жана Мьянма Өкмөтүнүн тутумдук диалогун, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкка таасир этүүчү евразиялык жөнгө салуунун негизги аспектилери боюнча маалымат алмашууну өнүктүрүү негизги милдеттер болуп саналат.

Сергей Глазьев ошондой эле Мьянманын профилдик министрликтеринин башчылары менен болгон эки тараптуу жолугушуулардын жана биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумунун жыйынтыктары жөнүндө маалымдады.

Маалымат

Евразия экономикалык комиссиясы менен Мьянма Бирлиги Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга 2023-жылдын 15-июнунда Петербург эл аралык экономикалык форумунун талааларында кол коюлган.

Меморандумда бажылык жөнгө салуу, техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу, финансы рыноктору, транспорт, энергетика, агроөнөр жай комплекси жана башка багыттар боюнча өз ара аракеттенүү каралган. Меморандумда өз ара аракеттенүү боюнча жумушчу топту түзүү жана биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгуу каралган.