Жаңылыктар

09.07.2024

Екатеринбургда өткөн "Иннопром" эл аралык көргөзмөсүндө ЕАЭБтин өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин отуруму болуп өттү

Отурумдун күн тартибине 2030-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары, Россия Федерациясынын робототехниканы өнүктүрүүнүн, ЕАЭБде өнөр жай роботторун өндүрүүнүн жана жайылтуунун мамлекеттер аралык программасын иштеп чыгуу боюнча демилгелүү сунуштары, өнөр жай кооперациясынын евразиялык тармагы, субконтрактация жана технологиялар трансфери жөнүндө, ошондой эле өнөр жайда биргелешкен кооперациялык долбоорлорго финансылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселелер кирди.

Отурумдун катышуучулары өткөрүлүп жаткан иштерди жана 2030 – жылдагы Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын (ӨКНБ) долбоорун бекитүү үчүн зарыл болгон документтердин топтому менен жактырышты. Долбоорго ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрү үч багыт боюнча маселелерди чечүүгө көңүл коюшат: Бирликтин рыногунун потенциалын пайдалануу, өнөр жай-технологиялык өз ара аракеттенүү жана экспорттук рыноктордогу кызматташтык.

"Биринчи жолу ӨКНБны ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чаралар документке тиркеме менен таризделип, ишке ашыруунун формаларын, мөөнөттөрүн, ошондой эле аткаруу үчүн жооптууларды көрсөтүү менен тиешелүү куралдар түрүндө чагылдырылгандыгы принципиалдуу жаңы болуп саналат. Алар ӨКНБ менен бир убакта бекитилет, — деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян. — Белгиленген тартипте каралгандан кийин документти ушул жылдын октябрь айында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына чыгаруу пландаштырылууда".

Бирлик өлкөлөрүнүн профилдик министрлери мамилелерди макулдашышты жана өндүрүштү өнүктүрүү жана өнөр жай роботторун жайылтуу боюнча жаңы евразиялык технологиялык платформаны түзүүгө старт беришти.

Отурумдун катышуучулары ошондой эле "Өнөр жай кооперациясынын, субконтрактациянын жана технологиялар трансферинин евразиялык тармагы" долбоорун кайра баштоонун этаптарын талкуулашты жана аны кайра форматтоо боюнча ыкмаларды андан ары иштеп чыгууну улантуу чечимин кабыл алышты.

Өнөр жай тармактарындагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго финансылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке ашыруу боюнча Гоар Барсегян белгилеп өткөндөй, Комиссия жаңы механизмге катышуунун шарттары жөнүндө бизнести жана финансылык уюмдарды маалымдоо боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат. Атап айтканда, мүчө мамлекеттер кооперациялык долбоорлорду түзүүдө алардын консультативдик колдоосу системалык негизде жүзөгө ашырылууда.

"Комиссияга каралып жаткан биринчи долбоордук сунуш келип түштү, — деп билдирди Гоар Барсегян. — Бизнестин долбоордук активдүүлүгүн активдештирүү маанилүү жана бул жерден биз "бешилтик" өлкөлөрүнүн региондор аралык байланыштарын кеңейтүүдө олуттуу потенциалды көрүп турабыз. Бул маселеде Комиссия мүчө мамлекеттердин кызыкдар ведомстволорунун көмөктөшүүсүнө ишенет".

Тараптар Өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду издөө жана даярдоо боюнча ишти активдештирүү чечимин кабыл алышты.