Жакындаштырууга жаткан табигый монополиялар чөйрөсүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ченемдик укуктук актыларынын тизмегин түзүү боюнча иштин натыйжалары Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун ишин убактылуу аткаруучу Елена Валентанын жетекчилиги астында Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин отурумунда талкууланды.
"Документ ЕАЭБ жөнүндө келишимде белгиленген, табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуу принциптеринин жана эрежелеринин негизинде улуттук мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу мүчө мамлекеттердин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү процесстерине көмөк көрсөтөт", – деп белгиледи Елена Валента.
Отурумдун жүрүшүндө ошондой эле үстүбүздөгү жылы табигый монополиялар чөйрөсүндөгү милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыктарын камтыган маалыматтын түзүмү жактырылды.
Мындан тышкары, Армения Республикасынын Коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу боюнча комиссиясы тарифтик саясаттын өзгөчөлүктөрү жана Арменияда энергонатыйжалуулук маселелери боюнча мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө презентацияны сунуштады.
Маалымат
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндө мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруунун ырааттуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 37 буйругу менен бекитилген