Евразия экономикалык комиссиясынын профилдик тобунун отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес-түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн сурамжылоонун жыйынтыктары каралды, анын жардамы менен тышкы экономикалык ишти жөнгө салууда "бирдиктүү терезе" механизмин ишке ашыруунун инструменттери бааланды.
"Бирдиктүү терезе" деп мамлекеттик органдардын жана ТЭИ катышуучуларынын ортосунда административдик жол-жоболорду кыйла жөнөкөйлөтүүгө, убактысын кыскартууга жана ишкерлердин каржылык чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берген өз ара аракеттенүү механизмин түшүнүүгө болот. "Бирдиктүү терезенин" негизги принциби болуп документтерди бир жолу берүү жана аларды кийин көп жолу колдонуу саналат.
"Бирдиктүү терезенин" улуттук механизмдерин андан ары өнүктүрүү жана алардын өз ара аракеттенүүсүн натыйжалуу камсыздоо үчүн белгилүү инструменттерди иштеп чыгуу талап кылынган. Алар профилдик жумушчу топ тарабынан аныкталган жана өткөн жылдын 27-декабрында ЕЭК Коллегиясы Бирлик өлкөлөрүнө бул инструменттерге суроо-талапты аныктоо үчүн мамлекеттик органдардын жана бизнестин арасында сурамжылоо жүргүзүүнү сунуштаган.
Ушул жылдын май-июнунда ЕЭКтин сайтында жүргүзүлгөн сурамжылоого Бирликтин бардык өлкөлөрүнөн 700дөн ашык респондент катышкан, алардын ичинен 300дөн ашууну мамлекеттик органдардын жана 400гө жакыны бизнес- түзүмдөрдүн өкүлдөрү болушкан. Мамлекеттик органдардын арасында, атап айтканда, ТЭИ менен байланышкан уруксат берүүчү документтерди берген улуттук бажы кызматтарынын, транспорттун, органдардын өкүлдөрү жана башкалар бар.
Жумушчу топтун мүчөлөрү белгилеп өткөндөй, сурамжылоо респонденттер өз өлкөлөрүндө "бирдиктүү терезе" механизмин андан ары өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу инструменттерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн жана алар башкаруучулук, укуктук, технологиялык жана техникалык чөйрөлөргө тиешелүү экендигин түшүнүшкөндүгүн көрсөткөн.
Мисалы, башкаруу инструменттеринин бири – "Мүчө мамлекетте "бирдиктүү терезе" улуттук механизминин операторун аныктоо", укуктук инструмент - "ТЭИ чөйрөсүндө юридикалык жактан маанилүү электрондук маалыматтар менен алмашууну камсыз кылуу үчүн Бирликтин органдарынын актыларын кабыл алуу", технологиялык – "Өзгөрүүлөрдү башкаруу механизмин түзүү", техникалык инструменттер – "Санариптик кызматтардын жана сервистердин витринасын түзүү" жана "ТЭИ чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" улуттук порталынын болушу".
Жумушчу топ сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча респонденттердин жоопторун талдоо менен толук отчет даярдоо чечимин кабыл алды.