Жаңылыктар

29.11.2024

Сезон аралык мезгилде социалдык маанилүү жашылча-жемиш продукцияларынын айрым түрлөрү ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши чекене соодада сатуу же андан ары кайра иштетүү үчүн арналган жашылча-жемиш продукцияларынын айрым түрлөрүнө карата ташып келүү бажы алымынан бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды.

Кеп, атап айтканда, Россия Федерациясына 150 миң тоннадан ашпаган көлөмдө картофель жеткирүү, Россия Федерациясына 55 миң тоннадан ашпаган көлөмдө жана Беларусь Республикасына 5 миң тоннадан ашык эмес сабиз жеткирүү, ошондой эле Россия Федерациясына 230 миң тоннадан ашпаган көлөмдө жана Беларусь Республикасына 20 миң тоннадан ашпаган көлөмдө алма жеткирүү жөнүндө болууда. Жеңилдиктерди колдонуунун мөөнөтү – 2025-жылдын 1-январынан 31-июлуна чейин.

"Жыл сайын сезон аралык мезгилде жашылча-жемиш продукциясынын рыногунда керектөө бааларынын олуттуу туруксуздугу байкалат, бул биринчи кезекте атамекендик өндүрүштүн товарларынын камылгаларынын аякташына байланыштуу. Үстүбүздөгү жылы түшүм аз жыйналганын эске алуу менен кабыл алынган чара ички рынокто кошумча сунушту камсыз кылууга жана калк үчүн жашылчалар менен алманын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ал аталган тарифтик жеңилдик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тастыктама болгондо берилерин тактап өттү.