Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы контейнерлердин айрым түрлөрүнө (ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8609 00 900 9 коду) карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмун колдонуу мөөнөтүн 2023-жылдын 31-декабрына чейин узартты.
"Нөлдүк алым батыштын логистикалык компанияларынын бир бөлүгү кеткенден кийин ЕАЭБдин контейнердик паркынын кыскаруусуна жол бербөөгө багытталган. Бажылык-тарифтик жөнгө салуу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу товарлардын өз убагында жеткирилүүсүн, ошондой эле Ыраакы Чыгыштын портторунун иш жүктөмүн камсыз кылат", — деп түшүндүрдү ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Анын айканы боюнча, азыркы убакта Бирликтин аймагында өндүрүлгөн контейнерлерди ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси толук көлөмдө сатып алып жатат, бирок муктаждык толук камсыз кылынган жок.
Зарыл болгон өзгөртүүлөр Комиссиясынын башка актыларына дагы киргизилет.
Маалымкат
ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8609 00 900 9 субпозициячасында транспорттун бир же бир нече түрү менен ташуу үчүн атайын арналган жана жабдылган контейнерлер (анын ичинде суюктуктарды жана газдарды ташуу үчүн контейнерлер) классификацияланат; радиоактивдүү заттарды ташуу үчүн радиацияга каршы коргошун менен капталган контейнерлерден, ошондой эле ички көлөмү 42 м3 — 43 м3 болгон контейнерлерден сырткары.
ЕАЭБ ББТнын контейнерлерге карата алып келүү бажы алымынын учурдагы коюму алардын бажы наркынын 10% түзөт. Комиссиянын Коллегиясынын 2022-жылдын 12-апрелиндеги № 63 жана 2022-жылдын 13-сентябрындагы № 129 чечимдерине ылайык, 2022-жылдын 28-мартынан баштап 2023-жылдын 28-февралына чейин 0% өлчөмүндөгү алым колдонулат.