Жаңылыктар

08.09.2022

2022-жылдын I жарым жылдыгы үчүн ЕАЭБдин социалдык-демографиялык статистикасы жарыяланды

Евразия экономикалык комиссиясынын статистика департаменти "Социалдык-демографиялык индикаторлор. Евразия экономикалык бирлигинин статистикасы" бюллетенин жарыялады. Брошюра 2022-жылдын январь–июнь мезгил аралыгы үчүн калктын саны, эмгек рыногу, жашоо деңгээли, керектөө баалары жана керектөө рыногу боюнча маалыматтарды камтыйт.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу бала төрөлүү төмөндөгөн: Арменияда – 4,3%га (16,5 миң адам төрөлдү), Казакстанда – 8,4%га (198,1 миң адам), Кыргызстанда – 3,6%га (70,9 миң адам), Россияда – 6,3%га (635,2 миң адам).

Россиядан башка бардык мүчө мамлекеттерде калктын табигый өсүшү байкалган. Россияда калктын санынын азайышы 383,8 миң адамды түздү.

ЕАЭБдиен Кыргызстандан башка бардык мүчө мамлекеттеринде калктын миграциялык агып чыгышы байкалган. Кыргызстанда миграциялык өсүш 1 750 миң адамды түздү.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында айлык орточо номиналдык эмгек акысы 2021-жылдын тийиштүү мезгил аралыгына салыштырмалуу Бирликтин бардык мамлекеттеринде көбөйгөн. Номиналдык жана реалдуу эмгек акысынын эң жогорку өсүш темптери Казакстанда (тийиштүүлүгүнө жараша 124,1% жана 110,9%) жана Кыргызстанда (тийиштүүлүгүнө жараша 123,9% жана 109,8%) катталган.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Статистикалык публикациялар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.