Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаменти Евразия экономикалык бирлигинин 2023-жылдын январь-декабрь айларындагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча ар айлык аналитикалык серепти жарыялады.
Бул мезгилде жүк жүгүртүү Кыргызстанда (8,2%га) жана Казакстанда (3,1%га), жүргүнчүлөрдүн жүгүртүлүшү Арменияда (63,3%га), Россияда (12,8%га), Казакстанда (10,3%га), Кыргызстанда (8,7%га) жана Беларуста (7,8%га) өскөн.
ЕАЭБ боюнча катталган жумушсуздуктун деңгээли жумушчу күчүнүн 0,8% түзгөн.
2023-жылдын январь-декабрындагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр АКШ долларынан тышкары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валюталарында эсептелген.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Аналитикалык серептер" бөлүмүндө берилген.