Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаменти Евразия экономикалык бирлигинин 2023-жылдын январь – октябрь айларындагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча ар айлык аналитикалык серепти жарыялады.
2023-жылдын январь – октябрында ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн 3,7%га, аткарылган курулуш иштеринин көлөмүнүн – 8,7%га, чекене соода жүгүртүүнүн - 5,7%га өсүшү белгиленген.
Бул мезгилде жүк жүгүртүү Кыргызстанда (8,0%га) жана Казакстанда (3,1%га), жүргүнчүлөрдүн жүгүртүлүшү Арменияда (77,2%га), Россияда (12,9%га), Казакстанда (11,5%га), Беларуста (9,1%га) жана Кыргызстанда (7,7%га) өскөн.
2023-жылдын январь-октябрындагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр АКШ долларынан тышкары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валюталарында эсептелген.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Аналитикалык серептер" бөлүмүндө берилген.