Жаңылыктар

29.02.2024

2023-жылы ЕАЭБде бюджеттердин аткарылышынын статистикасы жарыяланды

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде республикалык бюджеттин чыгымдары кирешеден ашып, бюджет Кыргызстанда гана профицит менен аткарылган.

Казакстан менен Россияда бюджеттин тартыштыгынын негизги бөлүгү улуттук (резервдик) фонддордун каражаттарынын эсебинен жабылган.

Бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын кыйла жогору өсүш арымы Кыргызстанда (132% жана 121% тийиштүүлүгүнө жараша) жана Казакстанда (120% жана 121% тийиштүүлүгүнө жараша) байкалган.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Мамлекеттик каржылар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.