Жаңылыктар

12.12.2023

ЕАЭБдеги эмгек рыногу жөнүндө статистикалык изилдөө жарык көрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаменти Евразия экономикалык бирлигиндеги 2018-2022-жылдар үчүн эмгек рыногу жөнүндө изилдөөсүн жарыялады.

Изилдөөгө жумушчу күчүнүн, жумуштуулардын жана жумушсуздардын саны, алардын курамы жана жынысы, курагы, билим деңгээли боюнча структурасы жөнүндө маалыматтар берилген. Жумуштуу калк билим деңгээли, иш менен камсыз болуу статусу жана экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча классификацияланган. Жумушсуздар - билим деңгээли, узактыгы жана жумуш издөө ыкмалары боюнча классификацияланган. Ошондой эле, жыйнак катталуучу жумушсуздукту, жумушчу күчтүн жана жумуш орундарынын кыймылын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү камтыйт.

2022-жылы ЕАЭБде калктын саны 185,5 млн адамды түзгөн; жумушчу күчүнүн саны – 93,4 млн адам (48,2 млн эркектер жана 45,2 млн аялдар), алардын ичинен иш менен камсыз болгон калктын саны - 89,5 млн адам. 2022-жылдын акырына карата катталган жумушсуздуктун деңгээли жумушчу күчүнүн 0,9%ын түзгөн. Ишке орноштуруу кызматтарына кайрылгандардын 72,7% ишке орношкон.

Толугураак маалымат – ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасындагы "Эмгек рыногу. Евразия экономикалык бирлигинин 2018-2022-жылдар үчүн статистикасы" жыйнагында.