Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 27-январда экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясына аны колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейткен өзгөртүүлөрдү киргизди.
"Азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинин укугунда мындай түшүнүк жок болгондуктан, бөлүнбөс товарларга карата декларацияны колдонууда мурда болгон чектөө алынып салынды", – деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов.
Бекитилген өзгөртүүлөр ошондой эле декларациядагы маалыматтарды берүү тартибин андан ары унификациялоого багытталган. Атап айтканда, товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу жөнүндө маалыматты ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде көрсөтүү зарыл болот, ал эми азырча – Бирликтин үч өлкөсүндө гана көрсөтүлөт.