Жаңылыктар

09.11.2023

Дүйнөлүк сапат күнүнө карата ЕЭК министри Виктор Назаренконун куттуктоосу

Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндөгү кесиптештерин Дүйнөлүк сапат күнү менен куттуктады.

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери үчүн азыркы этапта сапат жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк маселелери өзгөчө мааниге ээ. Сапаттуу жана керектөөчүлөрдүн суроо-талабына ээ болгон продукцияны чыгаруу — продукцияны ички, ошондой эле тышкы рынокторго жеткирүүдө кайсыл болбосун уюмдун жана экономиканын бүтүндөй тармактарынын ийгилигине карай жолдо артыкчылыктуу милдет болуп саналат.

Бирликте стандартташтыруу боюнча ишке тартылган бардык кесиптештерин куттуктап, Виктор Назаренко төмөнкүлөрдү баса белгиледи: "Техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу механизмдери Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү рыногунун талаптарына жана биздин мамлекеттердин керектөөчүлөрүнүн күтүүлөрүнө ылайык келген коопсуз жана сапаттуу продукцияны чыгаруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган".

Анын айтымында, продукциянын сапатынын жогорку деңгээлине жетишүү ишканалардын жогорку илимий-техникалык потенциалын жана персоналдын компетенттүүлүгүн колдоо, заманбап өндүрүш жана контролдоо технологияларын колдонуу, системалык менеджменттин натыйжалуу формалары жана ыкмалары сыяктуу бири-бирин толуктап турган чаралардын комплексин камтыйт.

"Техникалык жөнгө салуунун бардык багыттарын системалуу өнүктүрүү, уюмдар тарабынан биздин өлкөлөрдүн экономикаларын инновациялык өнүктүрүүгө, жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга жана дүйнөлүк аренада Евразия экономикалык бирлигинин имиджин жогорулатууга өбөлгө түзүүчү продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн натыйжалуу ык-амалдарды колдонуу үчүн негиз түзөөрүнө ишенем", — деп белгиледи Виктор Назаренко куттуктоосунда.