Урматтуу достор!
Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Өткөн жыл биздин интеграциялык бирикменин калыптануу тарыхындагы маанилүү мезгил болду. Биз Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгын белгиледик.
Бул, алып караганда аз убакыттын ичинде биздин бирикменин өлкөлөрүнүн жарандарынын жашоосу жана иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө олуттуу иштерди аткардык. Евразия экономикалык бирлигинде иштеп жана өнүгүү үчүн жайлуу шарттар бар. Муну интеграциянын башкы жетишкендиги деп айтууга болот.
Бизди алдыда дагы көптөгөн иштер күтүп турат. Алдыда — жаңы милдеттер бар.
Сиздерге бекем ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм! Биздин өлкөлөрдүн элдерине гүлдөп өнүгүү каалайм!
Жаңы 2025-жылыңыздар менен!
Сиздерди урматтоо менен,
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев