Жаңылыктар

12.07.2022 (Обновлено: 22.07.2022 09:30)

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Өзбекстандын жетекчилигии менен кызматташтыкты активдештирүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулады

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 12-июлда Өзбекстанга иш сапарынын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Тараптар өз ара аракеттенүү деңгээлин жана диалогду кеңейтүү, кызматташтыкты тереңдетүү жана активдештирүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

"Евразия экономикалык комиссиясы Өзбекстандын Өкмөтү менен активдүү кызматташууда. Өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн резервдер жана, негизгиси, – урматтуу Президент мырза, сиздин интеграцияны тереңдетүүгө болгон жеке саясий эркиңиз бар", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгиледи.
 

ЕАЭБ Өзбекстан Республикасынын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

"Биз инвестициялар жана каржы саясаты, миграция чөйрөсүндө, ошондой эле илим, туризм жана саламаттыкты сактоо сыяктуу жаңы багыттар боюнча кызматташтыгыбызды тереңдетүү перспективасын көрүп турабыз, булар биздин күн тартибибизде барган сайын бекемделүүдө", – деди Михаил Мясникович.

Ошондой эле, ал бүгүнкү күндө ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет катары Өзбекстандын жана Комиссиянын ортосундагы өз ара аракеттенүү абдан интенсивдүү жүрүп жаткан чөйрөлөрдү белгиледи. Биринчи кезекте, бул соода саясаты, техникалык жөнгө салуу, өнөр жай кооперациясы жана транспорт.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын пикири боюнча, андан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги драйверлери, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан буга чейин айтылган, кызматташтыктын конкреттүү багыттары боюнча демилгелер болуп саналат. 
"Биз Өзбекстандын Өкмөтү менен биргеликте сиздин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин майдагы отурумунун жүрүшүндө айтылган демилгелериңизди ишке ашыруунун үстүнөн иштеп жатабыз", – деп билдирди Михаил Мясникович. 
Евразия экономикалык комиссиясы мындан аркы кызматташтыкта абдан активдүү колдоо көрсөтмөкчү.

Шавкат Мирзиёев байкоочу мамлекет катары Өзбекстандын ЕАЭБдин түзүмдөрү менен жолго коюлган тутумдук өз ара аракеттенүүсүн белгиледи. Ал ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын жана инвестициялардын өсүшүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода тоскоолдуктарын андан ары жоюу, өнөр жай кооперациясын күчөтүү жана ишкердик байланыштарды демилгелөө, долбоордук кызматташтыкты өнүктүрүү, транзит чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана программаларды илгерилетүү, миграция жол-жоболорун жеңилдетүү жана туристтик алмашууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Биргелешкен жумушчу топтун кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө келишкендикке жетишилди.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын Өзбекстанга иш сапарынын алкагында Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар маселелери боюнча Премьер-министрдин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен да жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын байкоочу мамлекет статусунда ЕАЭБ менен өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери талкууланды. Тараптар өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык, тең укуктуулук жана улуттук кызыкчылыктарды эсепке алуу принциптерин, ошондой эле инвестиция, соода-экономика жана транспорт-логистика тармактарында Өзбекстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен бир кыйла тыгызыраак өз ара аракеттенүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгууну жактоочулугун билдиришти.

Ошондой эле, өнөр жай жана агроөнөр жай кооперациясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгууга, тоскоолдуктарсыз өз ара соода үчүн шарттарды түзүүгө жана региондун транзиттик потенциалын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга өз ара даярдыктарын билдиришти.

Бул контекстте логистика жана бажы жол-жоболорун жеңилдетүү, учурдагы тоскоолдуктарды жоюу, техникалык регламенттерди жана техникалык жөнгө салуу нормаларын шайкеш келтирүү, ошондой эле эмгек миграциясын жана адистердин орун которуштуруусун жеңилдетүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча андан аркы иштин форматы аныкталды.

Тараптар Евразия экономикалык комиссиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2021–2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чараларынын планына Кызматташтыктын кошумча багыттарынын тизмегин макулдашышып, кол коюшту.

Жаңыланган документ соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү үчүн негиз болуп калмакчы. Ага тармактык өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары киргизилди. Бул бажы кызматташтыгы (анын ичинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жана бажылык транзиттин башка аспектилери жагында), техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык нормалар жаатындагы мамилелерди акырындык менен шайкеш келтирүү боюнча иш. Ошондой эле, кеп транспорттук жүк ташуулар, климаттык күн тартиби, электрондук соода, Өзбекстандын "Евразия агроэкспресси" долбоорун ишке ашырууда катышуусу ж.б. маселелер боюнча кызматташтык жөнүндө болууда.

Бизнес-диалогду күчөтүүнүн ар түрдүү жолдору каралды. Атап айтканда, Михаил Мясникович ЕАЭБдин жана Өзбекстан Республикасынын ишкердик кеңештеринин биргелешкен отурумун өткөрүүнү сунуш кылды.

Тараптар ЕАЭБдин эл аралык күн тартибине өзүнчө көңүл бөлүштү. 

"Өзбекстан Республикасы ЕАЭБ үчүн чыгыштагы өнөктөштөр менен натыйжалуу байланыштыруучу звено жана ЕАЭБдин, "Бир алкак, бир жол" демилгесинин жана Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн ортосунда көпүрө болууга жөндөмдүү", – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.



 Маалымат:

Өзбекстанды жана ЕАЭБ өлкөлөрүн көп жылдык кызматташтык байланыштырып турат. 2020-жылдын декабрынын аягында Өзбекстанга ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу ыйгарылган. Өз ара аракеттенүүнүн өнүккөн инфраструктурасы түзүлдү: 2021-жылдын 30-апрелинде Казанда Комиссиянын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, ошондой эле 2023-жылга чейинки Биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюлду. ЕЭКтин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топ иштеп келет. Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн Комиссиянын кеңири экономикалык күн тартиби боюнча семинарлардын цикли өткөрүлдү. Бул Өзбекстандын мамлекеттик башкаруу органдарынын Бирликтин жөнгө салуусу жөнүндө маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатат, ал эми бул ЕАЭБдин укугу менен шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт.

ЕАЭБ Өзбекстандын тышкы соода өнөктөштөрүнүн арасында биринчи орунда турат (соода жүгүртүүдөгү салыштырма салмагы 30,4%) жана Кытайдан (17,7 %), ЕБдан (9,2 %), Түркиядан (8,1%) алдыда турат. Өз кезегинде, Өзбекстан Бирликтин КМШнын ЕАЭБге мүчөлүк кылбаган өлкөлөрүнүн арасында чоңдугу боюнча экинчи соода өнөктөшү болуп саналат.

2021-жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Өзбекстандын товар жүгүртүүсү 11,6 млрд доллардан ашкан.

2022-жылдын январь–майында ЕАЭБдин жана Өзбекстандын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы соода жүгүртүмү өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 26%га өсүп, 5,6 млрд долларды түздү (ЕАЭБдин Өзбекстан Республикасына экспорту – 3,8 млрд долл. (+23,8%), импорту – 1,8 млрд долл. (+31%).