Жаңылыктар

01.01.2022

ЕАЭБ органдарында төрагалык Кыргыз Республикасына өттү

2022-жылдын ичинде Кыргыз Республикасы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылат.

Төрагалыктын алкагында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумун жана Евразия экономикалык форумун май айында Бишкекте өткөрүү, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин отурумун алдын ала адаттагыдай август айында Ысык-Көлдүн жээгинде, ошондой эле бир катар башка эксперттик иш-чараларды өткөрүү пландалган.

Жакынкы мезгилде Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы Садыр Жапаровдун Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин башчыларына ЕАЭБ органдарында Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары менен кайрылуусу күтүлүүдө.

Маалымат

ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, Жогорку кеңеште, Өкмөттөр аралык кеңеште жана Комиссиянын Кеңешинде төрагалык кылуу ротациялык негизде бир мүчө мамлекет тарабынан орус алфавитинин тартибинде бир календардык жылдын ичинде узартуу укугусуз жүзөгө ашырылат.