Жаңылыктар

01.01.2024

ЕАЭБ органдарында төрагалык 2024-жылдын 1-январынан тарта Армения Республикасына өттү

Армения Республикасы 2024-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин органдарында төрагалыкты кабыл алды жана 2024-жылдын ичинде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылат.

Төрагалыктын алкагында Москвада Евразия экономикалык бирлигинин 10 жылдык мааракесине арналган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумун, III Евразия экономикалык форумун, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумун өткөрүү, ошондой эле бир катар башка иш-чаралар пландаштырылган.

Жакынкы убакта Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы Никол Пашиняндын Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларына ЕАЭБ органдарында Армениянын төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары менен кайрылуусу күтүлүүдө.

Маалымат

ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, Жогорку кеңеште, Өкмөттөр аралык кеңеште жана Комиссиянын Кеңешинде төрагалык кылуу ротациялык негизде бир мүчө мамлекет тарабынан орус алфавитинин тартибинде бир календардык жылдын ичинде узартуу укугусуз жүзөгө ашырылат.